https://sputnik.kg/20250905/1096333344.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык... 05.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-05T15:00+0600
2025-09-05T15:00+0600
2025-09-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/05/1096333178_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a4e1f7e5504551f7ef55a9a41f6c1594.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилет. Тагыраагы, мындай жерде жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Анын өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда. "Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Каражат алуунун негизги шарты — үй-бүлө бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы керек", — деп айтылат маалыматта. Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдаган. Ал президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү.
Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 15 млрд долларга жакын, биз аны 30-40 млрд долларга жеткирүүнү пландап жатабыз, - деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радионун" түз эфиринде. Ал акыркы үч жылда Кыргызстандын тышкы саясатында чоң өзгөрүүлөр болгонун, көптөгөн өлкөлөр менен мамилелер чыңдалып, расмий визиттер менен алмашуулар болгонун, анын ичинде эки тараптуу стратегиялык мамилелер бекемделгенин белгиледи.Ал Кытайга болгон 4 күндүк сапар жемиштүү өткөнүн, өлкөлөр ортосунда чоң долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрына карата Кыргызстандын жалпы эл аралык резерви жаңы бийиктикке жетип 7 миллиард 21 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Белгилей кетсек, эл аралык резерв улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын жана Кыргызстандын каржылык туруктуулугун колдоого, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат. "Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан бери 1,9 миллиард долларга же 38 пайызга өстү. Ал эми 2024-жылдын ичинде жалпы эл аралык резерв 3,3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта. Эл аралык резервдин учурдагы көлөмү товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен 5-7 айын жабат. Бул эл аралык резервдин жетиштүүлүгүнө коюлган эл аралык талаптарга шайкеш келет.
Россиянын экономикасы жогорку айлык төлөнүүчү экономикага айланышы керек. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди.Президент туруктуу макроэкономикалык саясат Россия мамлекетин өнүктүрүү үчүн мындан ары да шарт түзүүнү улантарын белгилеген. Ал Россияда аймактарды өнүктүрүүнүн инструменти өзүнүн майнаптуулугун далилдеп, ишкерлерди колдоого жардам берип жатканын кошумчалаган. Мындан тышкары, Путин 2027-жылдан баштап аталган аймакта жана Арктикада бизнес үчүн бирдиктүү жеңилдетилген тартип, шарттарды киргизүүнү сунуштады. Форум 6-сентябрга чейин Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталат.
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилет. Тагыраагы, мындай жерде жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Анын өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда. "Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Каражат алуунун негизги шарты — үй-бүлө бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы керек", — деп айтылат маалыматта. Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдаган. Ал президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү.Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 15 млрд долларга жакын, биз аны 30-40 млрд долларга жеткирүүнү пландап жатабыз, - деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радионун" түз эфиринде. Ал акыркы үч жылда Кыргызстандын тышкы саясатында чоң өзгөрүүлөр болгонун, көптөгөн өлкөлөр менен мамилелер чыңдалып, расмий визиттер менен алмашуулар болгонун, анын ичинде эки тараптуу стратегиялык мамилелер бекемделгенин белгиледи.Ал Кытайга болгон 4 күндүк сапар жемиштүү өткөнүн, өлкөлөр ортосунда чоң долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады. Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрына карата Кыргызстандын жалпы эл аралык резерви жаңы бийиктикке жетип 7 миллиард 21 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Белгилей кетсек, эл аралык резерв улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын жана Кыргызстандын каржылык туруктуулугун колдоого, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат. "Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан бери 1,9 миллиард долларга же 38 пайызга өстү. Ал эми 2024-жылдын ичинде жалпы эл аралык резерв 3,3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта. Эл аралык резервдин учурдагы көлөмү товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен 5-7 айын жабат. Бул эл аралык резервдин жетиштүүлүгүнө коюлган эл аралык талаптарга шайкеш келет. Россиянын экономикасы жогорку айлык төлөнүүчү экономикага айланышы керек. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди.Президент туруктуу макроэкономикалык саясат Россия мамлекетин өнүктүрүү үчүн мындан ары да шарт түзүүнү улантарын белгилеген. Ал Россияда аймактарды өнүктүрүүнүн инструменти өзүнүн майнаптуулугун далилдеп, ишкерлерди колдоого жардам берип жатканын кошумчалаган. Мындан тышкары, Путин 2027-жылдан баштап аталган аймакта жана Арктикада бизнес үчүн бирдиктүү жеңилдетилген тартип, шарттарды киргизүүнү сунуштады. Форум 6-сентябрга чейин Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/05/1096333178_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c592dc1b27e7368fa6b2ea3fc1011ec5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио