00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Фитоконтроль ЕАЭС на границе: какие риски несет завоз семян и саженцев
08:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Борбор калаада автоунаа токтотуу системасы санариптештирилет
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Комфорт и цифровые билеты: как меняются железнодорожные перевозки в КР
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Өлкөдөгү мыкты стартаптардын бири "Гидропоника" долбоору кантип түптөлгөн?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Чүй облусундагы Кемин районунда жардыргыч зат чыгаруучу "Учкун ВМ" заводу ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, анын ачылыш аземине суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан. "Завод тоо-кен тармагында, жер астындагы жана ачык шахталарда колдонулуучу жардыргыч заттарды өндүрөт. Мындай продукция адатта Кумтөр, Жер-Үй, Терек-Сай кендеринде жана Камбар-Ата — 2 ГЭСинде колдонулган. Аны жол жана ирригация долбоорлорунда да пайдалануу каралып жатат", — деди Төрөбаев. Ишканага 700 миллион сом инвестиция салынган, 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү. Эгер жыл сайын продукция пландалган көлөмдө өндүрүлсө, бюджетке 95 миллион сомго жакын салык түшөт.
Кытайга товар экспорттоо үчүн Кыргызстан Кашкарда көзөмөл кампа ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. Анын айтымында, эми өлкөдө өндүрүлгөн товарлар ошол кампада сертификацияланат. "Учурда 12 продукцияны Кытайга түз экспорттосок болот. Ошол кампадан сертификацияланып, анан сатылат", — деди Кулубаев. Ал мындай иштердин бардыгы буга чейин кол коюлган документтердин негизинде ишке ашып жатканын кошумчалады.
Дүйнөлүк электрондук соода маанилүү, бирок артыкчылык ЕАЭБдин ички рыногуна берилиши керек. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди.Ал Sputnik агенттигине берген маегинде биримдиктин өлкөлөрү, анын ичинде Россия менен маркетплейс аркылуу соода кылуунун келечеги жөнүндө пикирин билдирген. Ахматовдун айтымында, былтыр Кыргызстанда электрондук сооданын ички рыногунун көлөмү 359 миллион долларды түзгөн. "Бул көрсөткүч өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 7 пайызын түзөт. Ал эми Россия менен болгон жалпы сооданын 10 пайызына туура келет. Мында Wildberries, Ozon сыяктуу онлайн соода аянтчаларынын салымы чоң", — деп белгилеген министрдин орун басары. Ал онлайн-сооданы өнүктүрүүдө Кытайдын маркетплейстери активдүү оюнчулар экенине токтолуп, ал эми ЕАЭБ алкагында биримдиктин компаниялары аркылуу онлайн-сооданы өнүктүрүү зарылчылыгын кошумчалаган. Мындан тышкары, логистиканы өнүктүрүү зарыл экенин, Кыргызстанда 2030-жылга чейин аймактык хаб түзүү, товар сактай турган кампа жана логистикалык борборлорду куруу артыкчылыктуу багыт катары аныкталганын айтты.
Ырааккы Чыгыш менен Сибирди өнүктүрүү — Россиянын XXI кылымда артыкчылык бере турган багыты. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.Эскерте кетсек, эл аралык иш-чара ушул мүнөттөрдө Владивосток шаарында өтүп жатат."Ырааккы Чыгыш менен Сибирди өнүктүрүү Россиянын 21-кылымда басым жасай турган артыкчылыктуу багыты болуп белгиленген. Бул тууралуу 2013-жылдын соңунда Федералдык кеңешке кайрылууда айтылган", — деди Путин форумдун пленардык жыйынында. Х Чыгыш экономикалык форуму Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат. Иш-чара 6-сентябрда аяктамакчы. Быйыл форум "Ырааккы Чыгыш – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн кызматташуу" деген ураан алдында өтүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0