БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясы расмий ачылды. Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи. Соңунда жыйындар өтүүчү зал толугу менен заманбап болуп жасалганын кошумчалады. Эл өкүлдөрү сессия жылын ачып коюп эле 3-сентябрга чейин тыныгууга кетишти. Ага чейин тармактык комитеттерде иштешет. Эске салсак, Конституциянын 83-беренеси жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясы расмий ачылды.
Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи. Соңунда жыйындар өтүүчү зал толугу менен заманбап болуп жасалганын кошумчалады.
Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи.
Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи.
Эл өкүлдөрү сессия жылын ачып коюп эле 3-сентябрга чейин тыныгууга кетишти. Ага чейин тармактык комитеттерде иштешет.
Эске салсак, Конституциянын 83-беренеси жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.