https://sputnik.kg/20250901/1096235896.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу... 01.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-01T15:00+0600
2025-09-01T15:00+0600
2025-09-01T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096235764_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fb78a760b44bc0ca47f009ee78840256.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Иран мамлекеттеринин президенттери жана Индия менен Пакситандын премьер-министрлери катышты. Жапаров бүгүн кабыл алынып жаткан документтер, анын ичинде Тяньцзинь декларациясы, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин айткан. Ал ошондой эле ШКУ көп тараптуу бирикме катары калыптанып, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу жактап жатканын айтты. "Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюлганы буга далил боло алат", — деди президент. Ошондой эле президент эртеңден тарта Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы баштала турганын эскертти. Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол — Түндүк" мамлекеттик ишканасы жасамай болду. Бул тууралуу мекеме кабарлады. Министрлик жолду жасоо жана бүтүрүү графигинин аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилип турарын убадалады. "Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырым болсо, Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы катыша турган 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Ага ылайык, футбол беттештери 1-9-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот. Кыргызстандын курамасы Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланканын командалары менен Е тайпасында күч сынашат. Тандап алуу оюндарына жалпы 44 курама катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Ал эми U-23 Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабияда өтүп, ага 16 команда жолдомо алат.
Афганстандын чыгыш тарабында магнитудасы 6,2 болгон зилзаладан 500 миң адам каза таап, 1000ден ашууну жарадар болду. Бул туурасында Sky News билдирди.РИА Новости Европа жер ортолук сейсмология борбору (EMSC) 1-сентябрга караган түнү Афганстандын Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 57 чакырымдай жерде магнитудасы 6,2ге жеткен зилзала болгондугун кабарлаган. Ал эми анын очогу 35 чакырым тереңдикте экендиги айтылган. NBC телеканалы аталган республиканын саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме кылып, жабырлангандарды сактап калуу боюнча масштабдуу операция башталгандыгын билдирди. "Жер титирөө алыскы тоолуу аймакта болгондуктан, жабыркагандар жана инфраструктурага келтирилген зыян тууралуу так маалымат алуу үчүн убакыт талап кылынат", — деген министрликтин өкүлү Шарафат Заман.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Иран мамлекеттеринин президенттери жана Индия менен Пакситандын премьер-министрлери катышты. Жапаров бүгүн кабыл алынып жаткан документтер, анын ичинде Тяньцзинь декларациясы, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин айткан. Ал ошондой эле ШКУ көп тараптуу бирикме катары калыптанып, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу жактап жатканын айтты. "Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюлганы буга далил боло алат", — деди президент. Ошондой эле президент эртеңден тарта Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы баштала турганын эскертти. Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол — Түндүк" мамлекеттик ишканасы жасамай болду. Бул тууралуу мекеме кабарлады. Министрлик жолду жасоо жана бүтүрүү графигинин аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилип турарын убадалады. "Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырым болсо, Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө. Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы катыша турган 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Ага ылайык, футбол беттештери 1-9-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот. Кыргызстандын курамасы Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланканын командалары менен Е тайпасында күч сынашат. Тандап алуу оюндарына жалпы 44 курама катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Ал эми U-23 Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабияда өтүп, ага 16 команда жолдомо алат.Афганстандын чыгыш тарабында магнитудасы 6,2 болгон зилзаладан 500 миң адам каза таап, 1000ден ашууну жарадар болду. Бул туурасында Sky News билдирди.РИА Новости Европа жер ортолук сейсмология борбору (EMSC) 1-сентябрга караган түнү Афганстандын Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 57 чакырымдай жерде магнитудасы 6,2ге жеткен зилзала болгондугун кабарлаган. Ал эми анын очогу 35 чакырым тереңдикте экендиги айтылган. NBC телеканалы аталган республиканын саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме кылып, жабырлангандарды сактап калуу боюнча масштабдуу операция башталгандыгын билдирди. "Жер титирөө алыскы тоолуу аймакта болгондуктан, жабыркагандар жана инфраструктурага келтирилген зыян тууралуу так маалымат алуу үчүн убакыт талап кылынат", — деген министрликтин өкүлү Шарафат Заман.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096235764_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_07ce2b83d3f61c300709b19452e15172.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио