00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
История Победы через семью: в Бишкеке подвели итоги конкурса школьных сочинений
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Невролог Бабаджанов о причинах задержки речи у детей, лечении и мифах о «народных методах»
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Сила добрых дел: как фонд «Help the Children — SKD» помогает детям бороться за жизнь
16:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жолугушуп, бир катар документтерге кол коюшту

© Фото / пресс-служба президента КРСадыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту
Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен Тяньцзинь шаарында жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда Жапаров Кытай төрагасына Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорду тааныштырды. Ал эми Си Цзиньпин "Тамчы" атайын каржы-инвестициялык аймагын жана "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга кытай компанияларын чакырууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууда Садыр Жапаров Си Цзиньпинди 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Ошондой эле тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара кызматташуу келечеги, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана чек арадагы өткөрүү пунктуларынын ишин жакшыртуу маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары, финансылык, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашышкан.
Президенттер төмөнкү 10 документке кол коюшту:
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
"Бедел" кыргыз-кытай автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон кургатылган жемиштерге карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;
"Кыргыз аэронавигация" мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын Үрүмчү райондук диспетчердик борборунун ортосундагы макулдашуу каты;
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорундагы КР үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат;
Чүй облусу менен Ганьсу провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин ортосундагы адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
КР Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Медиакорпорациясынын биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө протокол;
КР Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Эл Республикасынын "Синьхуа" маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
КРдин Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Кытай Эл Республикасынын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Садыр Жапаров Кытайга барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2025
Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барды
Жаңылыктар түрмөгү
0