https://sputnik.kg/20250831/kyrgyzstan-ehgemenduuluk-kuttuktoo-prezidentter-sadyr-zhaparov-1096213098.html
Дүйнө лидерлери Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендик күнү менен куттукташууда
Дүйнө лидерлери Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендик күнү менен куттукташууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин башчылары кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы менен... 31.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-31T13:17+0600
2025-08-31T13:17+0600
2025-08-31T13:38+0600
кыргызстан
эгемендүүлүк
куттуктоо
президент
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e8/02/16/1082903620_0:255:2257:1525_1920x0_80_0_0_79c85fd2766b928ab473dd10c913199c.jpg
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин башчылары кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы менен куттукташууда. Телеграммаларды президенттин маалымат кызматы жарыялап жатат.Президенттер куттуктоо каттарында Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, Садыр Жапаровго жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалашкан. Ошондой эле алар соңку жылдарда Кыргызстанда динамикалуу өсүштөр байкалып жатканын белгилешкен.Төмөндө президенттердин куттуктоолорун тизмектейбиз.Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.Россия президенти Владимир Путин Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтык ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп жактуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өнүгүп жатканын белгилеген.Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүүсүндө эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан социалдык-экономикалык өсүштө, демократиялык институттардын калыптанышында жана эл аралык позициясынын чыңдалышында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айткан.Куттуктоолор арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин да каалоо-тилектери бар.Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да куттуктап, өлкө олуттуу натыйжаларга жетишип жатканын белгилеген. Ал Тажикстан менен Кыргызстандын өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын билдирген.Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган: "Дос жана боордош Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи тааныган өлкө катары 34 жылдык убакыт ичинде Кыргызстандын түрдүү тармактарда жетишкен ийгиликтерине сыймыктануу менен көз салып келебиз", — деген.Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктагандардын арасында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да бар.Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.Өлкөдөгү кубанычты Беларусь президенти Александр Лукашенко да тең бөлүштү. Ал өткөн он жылдыкта Бишкек Минскинин маанилүү өнөктөшүнө айланганын белгилеген.Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан "Венгрия Кыргызстанды маанилүү стратегиялык өнөктөш катары карайт. Биздин эки тараптуу мамилелерибиз динамикалуу өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар акыркы жылдары үзгүлтүксүз болуп жатканына кубанычтамын", — деген.Кийинки кат Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерден келген.Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Буга катар Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы куттуктоосун жолдогон.Хорватиянын президенти Зоран Милановичтин куттуктоосунда "Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары дагы өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн тармактарда өнүгүп жана чыңдала берет деп ишенем", — деп айтылат.Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан элине куттуктоо жолдогон.Куттуктоо телеграммалары Рим папасы Лео XIV, Бельгиянын королу Филип Леопольд Лодевейк Мария, Мисирдин (Египет) президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси, Ливандын президенти Жосеф Аун, Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифадан дагы келген. Алар куттуктоо менен кошо жакшы тилектерин билдиришкен.Дагы бир телеграмма Бруней Даруссалам султаны Хассанал Болкиахтан келген.Улуу Британиянын падышасы Карл III Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.Куттуктоолор Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шарифтен да келген.Куттуктаган президенттер тизмеси Испаниянын королу Филиипп VI, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен толукталган.Түшкө жуук президенттик администрация Япониянын императору Нарухитонун, Палау президенти Сурангел С. Уиппстин, Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Босния жана Герцеговина Президиумунун төрагасы Желько Комшичтин, Швейцария Конфедерациясынын президенти Карин Келлер-Зуттердин, Словакиянын президенти Петер Пеллегрининин, Кубанын президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Индонезиянын президенти Прабово Субиантонун да куттуктоо каттарын жарыялады.
https://sputnik.kg/20250831/sadyr-zhaparov-kuttuktoo-rossiya-1096211423.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/16/1082903620_0:0:2257:1693_1920x0_80_0_0_9df803d5e77901f9d793c0e709cfd531.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эгемендүүлүк, куттуктоо, президент, садыр жапаров
кыргызстан, эгемендүүлүк, куттуктоо, президент, садыр жапаров
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин башчылары кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы менен куттукташууда. Телеграммаларды президенттин маалымат кызматы жарыялап жатат.
Президенттер куттуктоо каттарында Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, Садыр Жапаровго жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалашкан. Ошондой эле алар соңку жылдарда Кыргызстанда динамикалуу өсүштөр байкалып жатканын белгилешкен.
Төмөндө президенттердин куттуктоолорун тизмектейбиз.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
"Быйыл жыл башынан бери биз сиздер менен эки жолу ийгиликтүү жолугушууларды өткөрүп, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык боюнча маанилүү консенсуска жетишип, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы планын түздүк", — деген Си.
Россия президенти Владимир Путин Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтык ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп жактуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өнүгүп жатканын белгилеген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүүсүндө эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан социалдык-экономикалык өсүштө, демократиялык институттардын калыптанышында жана эл аралык позициясынын чыңдалышында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айткан.
Куттуктоолор арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин да каалоо-тилектери бар.
"Акыркы жылдары сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдүн натыйжасында калктын жашоо деңгээли тынымсыз жогорулап, өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркы жана ролу барган сайын өсүүдө", — деген ал.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да куттуктап, өлкө олуттуу натыйжаларга жетишип жатканын белгилеген. Ал Тажикстан менен Кыргызстандын өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын билдирген.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган: "Дос жана боордош Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи тааныган өлкө катары 34 жылдык убакыт ичинде Кыргызстандын түрдүү тармактарда жетишкен ийгиликтерине сыймыктануу менен көз салып келебиз", — деген.
Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктагандардын арасында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да бар.
"Учурда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы коңшулаштык, достук жана ишеним принциптерине негизделген салттуу боордоштук мамилелер жаңы мазмунга толуп жатат", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
"Стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен азербайжан-кыргыз мамилелери элдерибиздин бекем эркинин жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө болгон чечкиндүүлүгүнүн ачык көрүнүшү болуп саналат", — деген Алиев.
Өлкөдөгү кубанычты Беларусь президенти Александр Лукашенко да тең бөлүштү. Ал өткөн он жылдыкта Бишкек Минскинин маанилүү өнөктөшүнө айланганын белгилеген.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан "Венгрия Кыргызстанды маанилүү стратегиялык өнөктөш катары карайт. Биздин эки тараптуу мамилелерибиз динамикалуу өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар акыркы жылдары үзгүлтүксүз болуп жатканына кубанычтамын", — деген.
Кийинки кат Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерден келген.
"Өткөн жылдардагы жеке жолугушуулардын аркасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштар чыңдалды. Мен 2024-жылдын июль айындагы сүйлөшүүлөрүбүздү, ошондой эле 2023-жылы сиздин өлкөгө болгон сапарыңызды жылуу сезимдер менен эстейм", — деген ал.
Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Буга катар Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы куттуктоосун жолдогон.
Хорватиянын президенти Зоран Милановичтин куттуктоосунда "Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары дагы өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн тармактарда өнүгүп жана чыңдала берет деп ишенем", — деп айтылат.
Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан элине куттуктоо жолдогон.
"Өткөн жылдын ноябрында Венага болгон сиздин сапарыңыз жана биздин маңыздуу маектешүүлөрүбүз эки жактуу алакаларыбызды мындан аркы чыңдоого жана активдешүүсүнө сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Куттуктоо телеграммалары Рим папасы Лео XIV, Бельгиянын королу Филип Леопольд Лодевейк Мария, Мисирдин (Египет) президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси, Ливандын президенти Жосеф Аун, Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифадан дагы келген. Алар куттуктоо менен кошо жакшы тилектерин билдиришкен.
Дагы бир телеграмма Бруней Даруссалам султаны Хассанал Болкиахтан келген.
"Эки өлкөнүн ортосундагы достук алакаларды жана баалуу байланыштарды чыңдоодо сиздин туруктуу салымыңызды жана аракеттериңизди жогору баалайм", — деген ал.
Улуу Британиянын падышасы Карл III Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
"Жубайым экөөбүз сизди жана Кыргыз Республикасынын элин Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктаганыбызга кубанычтабыз. Биздин өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнө жана баарыбызга тиешелүү болгон экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө оң таасирин тийгизүү үчүн күч-аракеттерди бириктире алды деп үмүттөнөм", — деп айтылат куттуктоо катында.
Куттуктоолор Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шарифтен да келген.
"Исламабадда өткөн Пакистан-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны биздин эки тараптуу мамилелерибиздин тынымсыз чыңдалып жатканынан кабар берет. Жакында сизди Исламабадда тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөм", — деген ал.
Куттуктаган президенттер тизмеси Испаниянын королу Филиипп VI, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен толукталган.
Түшкө жуук президенттик администрация Япониянын императору Нарухитонун, Палау президенти Сурангел С. Уиппстин, Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Босния жана Герцеговина Президиумунун төрагасы Желько Комшичтин, Швейцария Конфедерациясынын президенти Карин Келлер-Зуттердин, Словакиянын президенти Петер Пеллегрининин, Кубанын президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Индонезиянын президенти Прабово Субиантонун да куттуктоо каттарын жарыялады.