00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин башчылары кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы менен куттукташууда. Телеграммаларды президенттин маалымат кызматы жарыялап жатат. Президенттер куттуктоо каттарында Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, Садыр Жапаровго жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалашкан. Ошондой эле алар соңку жылдарда Кыргызстанда динамикалуу өсүштөр байкалып жатканын белгилешкен.Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.Россия президенти Владимир Путин Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтык ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп жактуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өнүгүп жатканын белгилеген. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүүсүндө эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан социалдык-экономикалык өсүштө, демократиялык институттардын калыптанышында жана эл аралык позициясынын чыңдалышында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айткан. Куттуктоолор арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин да каалоо-тилектери бар.Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да куттуктап, өлкө олуттуу натыйжаларга жетишип жатканын белгилеген. Ал Тажикстан менен Кыргызстандын өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын билдирген. Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктагандардын арасында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да бар.
Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен Тяньцзинь шаарында жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Анда Жапаров Кытай төрагасына Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорду тааныштырды. Ал эми Си Цзиньпин "Тамчы" атайын каржы-инвестициялык аймагын жана "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга кытай компанияларын чакырууга даяр экендигин билдирди. Жолугушууда Садыр Жапаров Си Цзиньпинди 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Ошондой эле тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара кызматташуу келечеги, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана чек арадагы өткөрүү пунктуларынын ишин жакшыртуу маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары, финансылык, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашышкан.
Эртең, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышы болот. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Sputnik Азербайжан агенттигинин абактагы журналисттери тез арада бошотулушу керек. Бул тууралуу "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев билдиргенин РИА Новости жазды. Ал кесиби же жумушу боюнча эч кандай шектүү аракеттери болбогон журналисттерди эркиндигинен ажыратуу, аларды тыңчылыкка айыптоо, кийин алдамчы катары каралоо бул азыркы цивилизациянын нормаларына коошпогон аракет экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0