00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Альпинист Наталья Наговицынаны куткарууга катышкан россиялык адистер бүгүн Москвага эвакуацияланды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматта Жеңиш чокусуна бет алып, кырсыктаган тик учактагы алты куткаруучунун бири Баир Батуев белинен мертингени, Москвада аны Склифосовский атындагы оорукананын адистери медициналык жардам көрсөтүү үчүн күтүп жатышканы айтылат. Куткаруучу тик учактын кырсыкташына капталган соккон катуу шамал себеп болгонун белгилеген.Батуевди ошол эле тик учактагы кесиптеши Александр Семенов коштоп бармакчы. Ал альпинист Наталья Наговицынаны аман алып түшүү эмнеге мүмкүн болбогонун түшүндүрүп берди. "Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тик учагы кырсыктагандан кийин да операцияны улантты. Эгер шарт ыңгайлуу болсо Наговицинаны алып түшүүгө мүмкүн эле. Бирок андай болгон жок, "эгер" дегендин баары божомол. Бир керемет эле болуп кетпесе…", — деди Семенов. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө куткаруучулар болуп көрбөгөндөй тобокелге бел байлап, катаал шартка карабай куткарууга аракет кылышканы белгиленген. Дипмекеме аларга ыраазычылык каттарын тапшырды. Наталья Наговицынанын жакындары, туркомпания жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен үзгүлтүксүз байланыш болуп турганы кошумчаланды.
Быйыл Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Анын алкагында бир катар кароо сынактар, азык-түлүк, кол-өнөрчүлүк жарманкелери, сүрөт көргөзмөлөрү жана "Эн мыкты кыргыз боз үй" сынагы уюштурулду. Маалыматка караганда, "Эн мыкты кыргыз боз үй" кароо сынагына 6 облустан жана 2 шаардан катышуучулар келген. Ар бир тигилген боз үй калыстар тобунун сынына коюлду. Алар боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаланышына, нукуралуулугуна, салттуу элементтердин сакталышына басым жасап, баалоо жүргүзүшөт. Сынактын калыстыгын камсыздоо үчүн тарыхчылар, этнографтар жана ар тармактагы адис тандалып алынган.
Sputnik Азербайжан агенттигинин абактагы журналисттери тез арада бошотулушу керек. Бул тууралуу "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев билдиргенин РИА Новости жазды. Ал кесиби же жумушу боюнча эч кандай шектүү аракеттери болбогон журналисттерди эркиндигинен ажыратуу, аларды тыңчылыкка айыптоо, кийин алдамчы катары каралоо бул азыркы цивилизациянын нормаларына коошпогон аракет экенин айткан. "Биздин кесиптештерибиз жана жолдошторубуз Игорь Картавых менен Евгений Белоусов эки айдан бери Азербажанда темир тор артында отурушат. Бул убакыт аралыгында эки союздаш өлкөнүн ортосунда олуттуу кризисти жаратуу үчүн Sputnik Азербайжандын журналисттерин атайылап колдонгон тараптар эч кандай реакция кылган жок. Биз кызматкерлерибизди тез арада бошотууга жана аларга мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз", — деген Киселев. Эске салсак, ушул жылдын 30-июнунда Азербайжан бийлиги "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирген Sputnik Азербайжан аген
Жаңылыктар түрмөгү
0