00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Өзгөн — Кара-Кулжа жолу менен кошо 67 ишкананы ачты. Видео

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ошко болгон сапарынын алкагында Өзгөн — Кара-Кулжа жолун ачып, муну менен бирге айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, жол куруу жана курулуш тармактарындагы 67 ишкананы онлайн-режимде ишке киргизди.
Жаңы асфальт төшөлгөн Өзгөн – Кара-Кулжа жолунун узундугу 34 чакырымды түзөт. Калыңдыгы 15 сантиметр болуп, жол бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Трассаны оңдоого 2,2 миллиард сом сарпталган.
Өлкө башчы аталган жол менен бирге өлкөнүн бир катар аймактарында алтымыштан ашуун жаңы өндүрүш ишканалары ачылып жатканын белгиледи.

"Бул ишканалар айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдөн тартып, курулуш материалдарын өндүрүү, текстиль жана жеңил өнөр жай тармактарына чейин камтыйт. Буюрса, алардын арты менен миңдеген жумуш орундары түзүлүп, жүздөгөн үй-бүлөнүн киреше булагына айланат. Өлкөбүздүн экономикасында дагы жаңы дем пайда болот. Жаңы объектилердин ийгиликтүү иштеп, продукциясы ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болоруна үмүтүм чоң. Мамлекетибизге пайда келтирем деген ниеттеги ишкерлердин мындай демилгелерин жапырт колдоого алышыбыз керек. Бул объектилер жөн гана инфратүзүм эмес, эл үчүн мүмкүнчүлүк, өлкө үчүн туруктуулук, келечекке болгон инвестиция", — деди Жапаров.

Ал мындай иштер бардык аймактарда улана турганын убадалады.
"Көпчүлүк райондордо мурдагыдай эле жолдор жаман, ооруканалар эски, айрым айылдарда мектептер да жакшы эмес экенин моюнга алабыз. Бирок биз жакынкы жылдарда ошол аймактарга да жетебиз. Жолдорун жасайбыз, ооруканаларын салабыз, мектептерин жаңылайбыз. 30 жылдан бери каралбай калган аймактарды жандантабыз. Ошондуктан биздин колубуз жете элек аймактардагы элден "кичине чыдап туруңуздар" деп суранып кетет элем. Алдыдагы жылдары айылдарга эле эмес, керек болсо алыскы жайлоолорго чейин асфальт жеткиребиз. Ага мамлекеттин күчү да, каражаты да жетет. Тек гана убакыт керек бизге. Бир жылда баарын тегиз жаңыртып коюш кыйын экен", — деди президент.
Жапаров алдыдагы 4-5 жылда баарын жасап үлгүрүшөрүн кошумчалады.
Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы жатак-мектеп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2025
Жапаров Ошто Терешкова атындагы мектеп менен бирге 100 соцобъект ачты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0