https://sputnik.kg/20250829/1096183150.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди... 29.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-29T13:00+0600
2025-08-29T13:00+0600
2025-08-29T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1d/1096183018_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_635dd4eff10eec42048ec49d63fb277b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта эгемендик күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объектилеринин жана президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын расмий ачылышы болору айтылды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришинче, көз карандысыздыктын 34 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта жалпы өлкө боюнча кеңири белгиленет. 30-август күнү Жалал-Абад шаарында ар кандай маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп, кечинде майрамдык гала-концерт тартууланат. Анда көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик жана ата мекендик артисттер ырдашат. 30-31-август күнү Барпы Алыкулов атындагы облустук драм театрда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. 31-августта Эгемендүүлүк майрамы жалпы өлкө боюна белгиленет.
Борбор Азияда “Евразия” паркынын аналогу жок, ал балалыкка, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган. Бул тууралуу “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова эс алуу жайынын ачылыш аземинде айтты.Россия Мамдумасынын депутаты долбоор президент Садыр Жапаровдун жана шаар мэриясынын колдоосу менен “Евразия” уюму тарабынан ишке ашырылганын белгилеген.10 гектарга түшкөн жаңы парк акысыз болуп жыл бою иштейт. 30дан ашуун аттракцион орнотулуп, акысыз болору айтылды.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев окуу жылы башталып жатканда көчөлөр эмнеге казылып, автотыгын, чаң сыяктуу ыңгайсыздык жаратып жатканына түшүндүрмө берди. Калаа башчысы Бишкектеги азыркы инфраструктура 400 миң кишиге ылайыкталганын, бирок ушу тапта миллиондон ашык адам жашай турганын белгиледи. Эгер бул инфраструктура жаңыртылбаса, беш жылдан кийин шаарда транспорттук жана коммуналдык болуп көрбөгөндөй көйгөй жаралышы ыктымалдыгын билдирген."Түшүнүп турам, тыгын, ызы-чуу болот, чаңдайт. Бирок азыр чыдап, сабыр кылып койбосок, бул келечекте чоң көйгөйгө айланат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм," — деген Жунушалиев шаардыктарга кайрылып.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы абалда жөнгө салуу боюнча ишке ашпай турган талап койгон Владимир Зеленский менен Европага нааразы. Бул тууралуу Atlantic журналы Ак үйдөгү аткаминерлерге таянып жазганын РИА Новости билдирди. "Трамп Зеленскийге жана Европага ичи чыкпай турат. Президент алардын койгон талаптарын "реалдуу эмес" деп эсептейт. Киев аймагындагы чыр-чатакты токтотуу үчүн территориясынын бир бөлүгүнөн ажырашы керектигине моюн сунушу керек", — деп айтылат кабарда. Басылманын маалыматы боюнча, АКШ лидери өзүнүн айрым аракеттери менен өлкө ичиндеги колдоочуларын жоготкусу келбейт. Болгону жаңжалды токтотууну башкы максат деп билет. Ал кандай жол менен ишке ашаары көп деле мааниге ээ эмес экени белгиленген. Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү Россия менен АКШнын кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайынан кабары жок экенин айтып даттанышканы кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта эгемендик күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объектилеринин жана президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын расмий ачылышы болору айтылды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришинче, көз карандысыздыктын 34 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта жалпы өлкө боюнча кеңири белгиленет. 30-август күнү Жалал-Абад шаарында ар кандай маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп, кечинде майрамдык гала-концерт тартууланат. Анда көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик жана ата мекендик артисттер ырдашат. 30-31-август күнү Барпы Алыкулов атындагы облустук драм театрда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. 31-августта Эгемендүүлүк майрамы жалпы өлкө боюна белгиленет.Борбор Азияда “Евразия” паркынын аналогу жок, ал балалыкка, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган. Бул тууралуу “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова эс алуу жайынын ачылыш аземинде айтты.Россия Мамдумасынын депутаты долбоор президент Садыр Жапаровдун жана шаар мэриясынын колдоосу менен “Евразия” уюму тарабынан ишке ашырылганын белгилеген.10 гектарга түшкөн жаңы парк акысыз болуп жыл бою иштейт. 30дан ашуун аттракцион орнотулуп, акысыз болору айтылды. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев окуу жылы башталып жатканда көчөлөр эмнеге казылып, автотыгын, чаң сыяктуу ыңгайсыздык жаратып жатканына түшүндүрмө берди. Калаа башчысы Бишкектеги азыркы инфраструктура 400 миң кишиге ылайыкталганын, бирок ушу тапта миллиондон ашык адам жашай турганын белгиледи. Эгер бул инфраструктура жаңыртылбаса, беш жылдан кийин шаарда транспорттук жана коммуналдык болуп көрбөгөндөй көйгөй жаралышы ыктымалдыгын билдирген."Түшүнүп турам, тыгын, ызы-чуу болот, чаңдайт. Бирок азыр чыдап, сабыр кылып койбосок, бул келечекте чоң көйгөйгө айланат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм," — деген Жунушалиев шаардыктарга кайрылып.АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы абалда жөнгө салуу боюнча ишке ашпай турган талап койгон Владимир Зеленский менен Европага нааразы. Бул тууралуу Atlantic журналы Ак үйдөгү аткаминерлерге таянып жазганын РИА Новости билдирди. "Трамп Зеленскийге жана Европага ичи чыкпай турат. Президент алардын койгон талаптарын "реалдуу эмес" деп эсептейт. Киев аймагындагы чыр-чатакты токтотуу үчүн территориясынын бир бөлүгүнөн ажырашы керектигине моюн сунушу керек", — деп айтылат кабарда. Басылманын маалыматы боюнча, АКШ лидери өзүнүн айрым аракеттери менен өлкө ичиндеги колдоочуларын жоготкусу келбейт. Болгону жаңжалды токтотууну башкы максат деп билет. Ал кандай жол менен ишке ашаары көп деле мааниге ээ эмес экени белгиленген. Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү Россия менен АКШнын кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайынан кабары жок экенин айтып даттанышканы кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1d/1096183018_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a452266808ccc730ed6cb3adf4d623da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио