https://sputnik.kg/20250828/soros-zhana-anyn-uulun-kylmysh-zhoopkerchiligine-tartuu-kerek-1096142689.html
Трамп Жорж Соросту уулу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды
Трамп Жорж Соросту уулу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп миллиардер Жорж Соросту жана анын уулун кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды. Бул тууралуу ал Truth... 28.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-28T10:05+0600
2025-08-28T10:05+0600
2025-09-09T14:16+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
жорж сорос
пентагон
улуттук гвардия
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1c/1096142842_0:0:3161:1779_1920x0_80_0_0_3ccd69477da10ddf59ec7160e2ab65ce.jpg
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп миллиардер Жорж Соросту жана анын уулун кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык түйүнүнө жазганын РИА Новости билдирди. Трамптын айтымында, "жиндилерге" Американы бөлүп-жарууга мындан ары жол берилбеши керек. Ал миллиардердин АКШнын батышындагы досторун этият болууга чакырып, өкмөт алардын ар бир кадамын байкап турганын эскертти. Жорж Сорос — америкалык финансист жана инвестор. Анын ишмердүүлүгү каржылык чайкоочулугунан, чуулгандуу аброюнан улам ар кандай бааланып жүрөт. Соростун фонддору бир нече жолу айрым мамлекеттерде бийлик алмаштырууну уюштурган деп айыпталган. Финансист өзү 2004-жылы болгон Украинадагы революцияны жана 2013-жылы Евромайданды каржылаганын мойнуна алган. Айрым өлкөлөр аны ички иштерге кийлигишти деп айыпташат. Маалымат каражаттарында көбүнчө АКШнын Демократиялык партиясы менен байланышы бар экени айтылат. Трампка каршы нааразылык акциялары Ушул айдын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу кылмыштуулукка каршы чараларды жарыялады: Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин айтымында, улуттук гвардиячылар Вашингтонго жакынкы жумаларда келип, мамлекет башчысы канча убакыт талап кылса, баштан-аяк ошол жерде болушат. Президенттин мындай кадамдарына жооп кылып, шаар тургундары байма-бай нааразычылык акцияларына чыгып жатышат.
https://sputnik.kg/20250826/tramp-aksh-ukrainaga-emi-akcha-korotpoy-turgandygyn-aytty-1096099465.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1c/1096142842_430:0:3161:2048_1920x0_80_0_0_be4dbe860b16340c14ed5b7dcf0a625b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, жорж сорос, пентагон, улуттук гвардия
дүйнөдө, акш, дональд трамп, жорж сорос, пентагон, улуттук гвардия
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп миллиардер Жорж Соросту жана анын уулун кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык түйүнүнө жазганын
РИА Новости билдирди.
"Жорж Сорос жана анын солчул-радикал уулу зордукчул нааразычылык акцияларын колдогону үчүн RICO мыйзамынын алкагында айыпталышы керек. Сорос жана анын "кем акылдар" тобу биздин өлкөгө чоң зыян келтирди", — деп белгилеген ал.
Трамптын айтымында, "жиндилерге" Американы бөлүп-жарууга мындан ары жол берилбеши керек. Ал миллиардердин АКШнын батышындагы досторун этият болууга чакырып, өкмөт алардын ар бир кадамын байкап турганын эскертти.
Жорж Сорос — америкалык финансист жана инвестор. Анын ишмердүүлүгү каржылык чайкоочулугунан, чуулгандуу аброюнан улам ар кандай бааланып жүрөт. Соростун фонддору бир нече жолу айрым мамлекеттерде бийлик алмаштырууну уюштурган деп айыпталган. Финансист өзү 2004-жылы болгон Украинадагы революцияны жана 2013-жылы Евромайданды каржылаганын мойнуна алган. Айрым өлкөлөр аны ички иштерге кийлигишти деп айыпташат. Маалымат каражаттарында көбүнчө АКШнын Демократиялык партиясы менен байланышы бар экени айтылат.
Трампка каршы нааразылык акциялары
Ушул айдын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу кылмыштуулукка каршы чараларды жарыялады:
жергиликтүү полиция федералдык өкмөттүн түздөн-түз көзөмөлүнө өтөт;
борборго Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлдү;
зарылчылык жаралса Куралдуу күчтөрдү да жөнөтүүгө болот.
Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин айтымында, улуттук гвардиячылар Вашингтонго жакынкы жумаларда келип, мамлекет башчысы канча убакыт талап кылса, баштан-аяк ошол жерде болушат.
Президенттин мындай кадамдарына жооп кылып, шаар тургундары байма-бай нааразычылык акцияларына чыгып жатышат.