00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как технологические уклады меняют общество — и что готовит шестой этап развития - беседа о социуме
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Альпинист Наговицынага былтыр Жеңиш чокусуна чыгууга уруксат берилген эмес

© Sputnik / Юрий Куйдин / Медиабанкка өтүүЖеңиш чокусу. Архив
Жеңиш чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Жеңиш чокусунда кырсыктап, азыр бейдарек болуп жаткан россиялык альпинист Наталья Наговицынага жетиштүү даярдыгы жок болгондуктан 2024-жылы аталган тоого чыгууга уруксат берилген эмес. Бул туурасында беларустук альпинист Артем Ценцевицкий айтканын РИА Новости жазды.

"Тажрыйбалуураак, күчтүүрөөк альпинисттер менен теңтайлаша, калып калбай жетишип басса чокуга чыгууну улантабыз деп макулдашканбыз. Биздин темп менен жүрө албаса, анда ал коопсуз, кайра артка тартып кете турган жерден сапарын токтотмок", — деген спортчу.

Ценцевицкийдин айтымында, Наговицына башкалар сыяктуу жүрө албагандыктан чокуга чыгышынан баш тарткан чечим кабыл алып, коопсуз жерге токтошуп, аны төмөнгө жөнөткөндүгүн айткан. Муну менен катар эле альпинисттин даярдык деңгээлине баа берүү оңой эместигин белгилеп, бирок ошол учурда анын (Наговицина — ред.) даярдыгын жетишсиз деп эсептегендигин белгилеген.
"Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн олуттуу, катуу даярдык керек... Ошол учурда анын даярдыгы жетишсиз болгондуктан ылдыйга жөнөтүү керек деген чечим кабыл алгам", — деп айтып берген Ценцевицкий.
Ал сөз болуп жаткан Жеңиштин Коммунизм чокусуна караганда жаратылыш шарты катаал экендигин кошумчалады.
"Жеңиш чокусунда кырсыктагандардын аман калышы өздөрүнүн колунда", — деген спортчу.
Эске салсак, альпинист Наговицына 2025-жылдын 12-августунда аталган чокудан түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Эртеси италиялык Лука Синигилья жана анын шериги, германиялык Гюнтер Наговицынага көтөрүлүшкөн. Аялга жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо италиялык альпинисттин абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон (чокудагы абанын басымынан улам мээси шишип кеткен болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылды). 16-августта окуя болгон жерге Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куткаруучу тик учагы жөнөтүлгөн, бирок аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктап, эки адам жабыркаган.
Ал эми 27-августта Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Наговицына дайынсыз жоголду деп эсептелип жатканын айтышкан.
Ошол эле күнү Кыргызстандагы пилотсуз учуучу аскердик аппараттар Жеңиш чокусунун аймагына барып, ал жерди байкоого алып, видео, сүрөткө тарткан. УКМК аба ырайынын катаал шарттарына, катуу шамалга карабастан колдонулган тепловизор альпинист турат деген жерден тирүүлүктүн белгилери байкалбагандыгын билдирген.
Российская альпинистка Наталья Наговицина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2025
Наговицынанын Жеңиш чокусуна сапарын уюштурган Ak-Sai Travel үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0