00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн, ошондой эле фракциялардын катчылыктарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев, Нурланбек Азыгалиев жана Жылдыз Садырбаева да катышты. Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу кезектеги сессия тууралуу сөз кылып, ага карата көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат алды. “Быйыл парламенттин имаратында көптөгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, чоң жыйындар залы толугу менен жаңыланды. Ошондой эле Корея мамлекети менен жетишилген келишимге ылайык, жыйындардын жүрүшү санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылды. Бул Жогорку Кеңештин ишин жаңы багытта, жаңы форматта иштөөсүнө өбөлгө түзүшү керек. Андыктан аппарат кызматкерлери аталган маселеге астейдил көңүл бурушу кажет”, – деди ал. Андан тышкары, ал тармактык комитеттердин ишин күчтөндүрүү талабын койду. Муну менен катар жалпы мамлекеттин өнүгүшү парламенттин ишине түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Жыйында ошондой эле алдыда жасалчу иштердин планы талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Жол эрежесин бузган айдоочудан экзамен планшет менен тест түрүндө алынат. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу радиолордун биринде билдирди. Ал эреже бузган айдоочулардан экзамен соцтармактагы видеолордогудай эреже тартылган кагаз менен эмес, электрондук түрдө алынарын белгилеген. "Андай видеону биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жасаганбыз. Механизм иштей баштаса баары электрондук түрдө планшет менен алынат. Учурда протокол түзүүнү да электрондоштуруп жатабыз. Ошол себептен айдоочудан экзамен алуу 1-сентябрда эмес, андан кечирээк башталат. Анан айдоочулар "кокустан эреже бузуп алсам эле токтотуп экзамен алат" деп коркпошу керек. Жолдогу эрежени, мисалы, машинаны атайын катуу айдап же каршы тилкеге чыкса, же жол чырактын кызылына токтобой өтүп кетип жол кырсыгына себепкер болсо гана экзамен алынат. Сунуш боюнча бир билетте алты суроо болот. Айдоочу анын төртөөнө жооп берсе өттү деп эсептелет", — деген Айтикул уулу.
Жыл башынан бери өлкө аймагында 108 гектардан ашык аянтта чегирткелерге каршы күрөш жүрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылы жаздын эрте келиши, кургакчылык жана майдагы аномалдуу ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин массалык чыгууларына алып келди. Республика боюнча 154  493 га аянтта чегирткелердин очоктору аныкталып, анын ичинен 108 186 гектар аянтта химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү. Зыянсыздандыруу иштери Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин атайын техникасы жана "Шумкар" ААКнын жеңил авиациясы менен жүргүзүлдү. Өлкөнүн Өзбекстан жана Казакстан менен чектеш аймактарында трансчегаралык мониторинг жүргүзүлүп, зыяндуу чегирткелердин республикага кирүү коркунучу жок экени аныкталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0