00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,03 млрд кубометрди түзөт, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Мындай маалыматты Энергетика министрлиги 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, ошол эле учурда эксперттер жакынкы айларда суунун агып келүү көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн экенин белгилешет. Жыйында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын даярдыгы, ошондой эле көмүр жана мазут менен камсыздоо маселелери талкууланды. 2025-жылы республикада электр энергиясын керектөө 18,9 млрд кВт/саатка жетет деп күтүлүүдө, ал эми ушул жылдын 7 айында электр энергиясын иштеп чыгуу 9,24 млрд кВт/саатка жетти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, ошондой эле жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүп, отун даярдоону камсыздоону тапшырды.
Ош шаарындагы көчөгө казактын улуу акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат. Бул маалыматты аталган калаанын мэриясынан таратышты. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай менен Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмедовго казак акынынын ысымы ыйгарыла турган Волгоград жана Тимирязев көчөлөрүн көрсөткөн. Көчөнүн узундугу 3,8 чакырым болгон жолун оңдоп-түздөө дээрлик аяктаган. Бир айдын ичинде анын баш жагына улуу ойчулдун айкели коюлуп, чакан сквер түшмөкчү. Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө катуу таасир берген инсан. Быйыл Казакстанда Кунанбаевдин 180 жылдык юбилейи масштабдуу белгиленди.
Израилдеги нааразылык кыймылы жана Газадагы барымтадагылардын үй-бүлөлөрү шейшембини "күрөш күнү" деп жарыялап, палестин анклавындагы согушту токтотууну, туткундарды бошотуу боюнча келишимди талап кылышты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Алардын таң эрте эле жолдорду тосуп, нааразылык акцияга чыкканы дароо көзгө урунду. Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясынын маалыматына ылайык, шейшемби күнү таң эрте нааразы болгондор Тель-Авивдеги башкы жолду жана бир нече кесилиштерди тосуп койгон. Израиль полициясы сөз эркиндигин колдоорун билдирип, бирок коомдук тартипти бузам дегендерди аябай тургандыгын эскерткен. Полициянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Тель-Авивде митингчилердин бири кармалып, анын жанынан көздөн жаш агызуучу граната табылган.Шейшемби кечинде да уюштуруучулар Тель-Авивдин борборунда ири нааразылык акцияларын жана митингдерди өткөрүүнү пландаштырган. Израилдик туткундардын үй-бүлөлөрү жакындарынын Газадан куткарып алууну талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып келе жатат. Расмий маалыматтарга таянсак, аталган тилкеде барымтада 50 киши калганы айтылган, анын жарымынан азы гана тирүү дешти. Палестина менен Израилдин Газадагы кырды бычак болушу 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Андан бери согуш тынчый элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0