https://sputnik.kg/20250824/1096073871.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Күн мурун, 23-августта министр... 24.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-24T17:00+0600
2025-08-24T17:00+0600
2025-08-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/18/1096073739_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb37cee6f86f81ef3ced041dd764248b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Күн мурун, 23-августта министр Мирбек Мамбеталиев Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев менен бирге сентябрь айында Алай районунун Мамытов атындагы стадионунда салтанаттуу түрдө белгилене турган Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата даярдык көрүү боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүздү. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.
Бишкектеги ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз эскалатордон кулап каза болду. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.Маалыматка ылайык, кыз төртүнчү кабаттан жер төлөгө кулап, милицияга чакырык саат 12:30да түшкөн. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.Алдын ала маалымат боюнча, бул өз өмүрүнө кол салуу болушу мүмкүн экени айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча демилгелери ийгиликтүү ишке ашпаса Киев кыйроого туш болот. Бул тууралуу Британиянын Telegraph гезити жазганын РИА Новости жарыялады. Жума күнү Трамп эки апта ичинде Россия менен Украинанын жаңжалды жөнгө салуу боюнча кадамдарын билгиси келерин билдирген. Анын айтымында, Москва менен Украинанын мындан аркы кадамдары кандай болоруна жараша эки жума аралыгында Украина боюнча абдан маанилүү чечим кабыл алуу ниетинде турат. "Трамптын тынчтык пландары четинен бузулуп жатат. Россияга бул баалуу убакыт берсе, Украина үчүн кыйроого айланышы мүмкүн", — деп жазылат гезиттин маалыматында. Басылманын билдирүүсү боюнча, согуш талаасындагы абал Украина үчүн барган сайын көйгөйлүү болууда. Telegraph гезитинин баамы боюнча, Украинанын эки алсыз тарабы бар, алар — аскер күчтөрүнүн жетишсиздиги жана куралдуу күчтөрүнүн ичиндеги өз ара пикир келишпестиктердин уламдан улам күчөп жаткандыгы.
Газа сектору биринчи жолу апааттуу ачарчылыкка кабылды. Бул тууралуу БУУ системасындагы агенттиктер менен гуманитардык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Газа тилкесинде жарым миллиондон ашык адам ачкачылыктын тузагына түштү. БУУда кабыл алынган Азык-түлүк коопсуздук фазаларынын интеграцияланган классификациясы беш стадияга бөлүнөт. Анда үч же бешке чейинки деңгээлдер тамак-аштын тартыштыгы курч экенинен кабар берсе, бешинчи стадия апааттуу ачарчылык жаралганын түшүндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, сентябрь айынын соңунда Газада 640 миңден ашуун адам ошол бешинчи стадияга, тагыраагы, азык-түлүктүн жетишсиздигинин эң төмөнкү деңгээлине туш болот. Бул аймактагы 1,14 миллион адам өзгөчө кырдаалда, ал эми дагы 396 миң адам кризистик абалда калат. Буу Израилдин бийлигин Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдарды аймакка киргизүүгө чакырды.
Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Күн мурун, 23-августта министр Мирбек Мамбеталиев Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев менен бирге сентябрь айында Алай районунун Мамытов атындагы стадионунда салтанаттуу түрдө белгилене турган Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата даярдык көрүү боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүздү. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.Бишкектеги ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз эскалатордон кулап каза болду. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.Маалыматка ылайык, кыз төртүнчү кабаттан жер төлөгө кулап, милицияга чакырык саат 12:30да түшкөн. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.Алдын ала маалымат боюнча, бул өз өмүрүнө кол салуу болушу мүмкүн экени айтылды. АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча демилгелери ийгиликтүү ишке ашпаса Киев кыйроого туш болот. Бул тууралуу Британиянын Telegraph гезити жазганын РИА Новости жарыялады. Жума күнү Трамп эки апта ичинде Россия менен Украинанын жаңжалды жөнгө салуу боюнча кадамдарын билгиси келерин билдирген. Анын айтымында, Москва менен Украинанын мындан аркы кадамдары кандай болоруна жараша эки жума аралыгында Украина боюнча абдан маанилүү чечим кабыл алуу ниетинде турат. "Трамптын тынчтык пландары четинен бузулуп жатат. Россияга бул баалуу убакыт берсе, Украина үчүн кыйроого айланышы мүмкүн", — деп жазылат гезиттин маалыматында. Басылманын билдирүүсү боюнча, согуш талаасындагы абал Украина үчүн барган сайын көйгөйлүү болууда. Telegraph гезитинин баамы боюнча, Украинанын эки алсыз тарабы бар, алар — аскер күчтөрүнүн жетишсиздиги жана куралдуу күчтөрүнүн ичиндеги өз ара пикир келишпестиктердин уламдан улам күчөп жаткандыгы.Газа сектору биринчи жолу апааттуу ачарчылыкка кабылды. Бул тууралуу БУУ системасындагы агенттиктер менен гуманитардык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Газа тилкесинде жарым миллиондон ашык адам ачкачылыктын тузагына түштү. БУУда кабыл алынган Азык-түлүк коопсуздук фазаларынын интеграцияланган классификациясы беш стадияга бөлүнөт. Анда үч же бешке чейинки деңгээлдер тамак-аштын тартыштыгы курч экенинен кабар берсе, бешинчи стадия апааттуу ачарчылык жаралганын түшүндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, сентябрь айынын соңунда Газада 640 миңден ашуун адам ошол бешинчи стадияга, тагыраагы, азык-түлүктүн жетишсиздигинин эң төмөнкү деңгээлине туш болот. Бул аймактагы 1,14 миллион адам өзгөчө кырдаалда, ал эми дагы 396 миң адам кризистик абалда калат. Буу Израилдин бийлигин Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдарды аймакка киргизүүгө чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/18/1096073739_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_99b5ef941254ab4551c7c8eca98249fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио