https://sputnik.kg/20250824/1096072400.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети кафе жана ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салууну сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, тейлөөгө деп... 24.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-24T15:00+0600
2025-08-24T15:00+0600
2025-08-24T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/18/1096072268_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_692bc22913f1afc93df0d7715483b888.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети кафе жана ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салууну сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, тейлөөгө деп эсептелген кошумча төлөмдү (адатта 5-15%) алууга жол берилбейт. Бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менюда, прейскурантта толук көрсөтүлүп, чай-пул берилген учурду кошпогондо прейскурант/менюдагы эсеп акыркы суммага дал келиши керек. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн делген 15 пайыздык акы жокко чыгарылышы ыктымал экенин билдирген. Ал бул акы алууну мыйзамсыз деп айтууга болбой турганын, ошол эле учурда кардарлар анын негизсиз кошулганын айтып жатканын билдирген. Мындан улам тиешелүү мекемелер тарабынан талдоо жүргүзүлүп, сунуштарды даярдоо боюнча кыймыл башталганын кошумчалаган.
Ататүрк паркы реконструкциялана баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев долбоорду көрүп чыкты. Ага ылайык, сейил бактын кире бериши, афган жоокерлерине коюлган эстелик жаңыртылып, балдар жана спорт аянтчалары, сахна, иппотерапия аймагы курулат. Ошондой эле үч чакырым чуркоо жана 3,6 чакырым велосипед жолу, көлмө, кароол аянтчалары жана тротуарлар түшөрү айтылды. Карылыгы жеткен бактар менен жапайы бадалдар алынып, ордуна жаңы көчөттөр тигилет. Муниципалитет буга чейин паркка мыйзамсыз курулган үйлөрдүн ээлеринен 500 миллион сом чогултуун пландап жатканын, анын 97 миллиону түшкөнүн, каражат парктарды өнүктүрүүгө жумшаларын кабарлаган.
Кыргызстанда 2025-жылкы ID-карта жана жалпы жарандык паспорт колдонууга берилет. Минкабдын токтомуна ылайык, алар 2024-жылкы ID-карталар жана 2023-жылкы паспорттордун бланктары түгөнгөндө пайдаланыла баштайт. Паспортторду персонификациялоо милдети президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы "Кызмат" мекемесине жүктөлдү.
Россия менен АКШнын мамилеси төмөн деңгээлде турган, бирок президенттикке Дональд Трамп келгенден кийин тоннелдин аягындагы жарык көрүнгөндөй болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россиянын өзөктүк тармактарынын жумушчулары менен жолугушууда айткан. РФ президентинин Россия менен АКШ мамилелери тууралуу айткан кебинин урунттуу учурлары төмөндө: Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маңыздуу жана ачык болду РФ менен АКШ жасаган алгачкы кадамдар мамилелерди толук масштабдуу калыбына келтирүүнүн башталышы РФ менен АКШнын мамилелерди калыбына келтирүүдөгү темпи сакталууда Трамптын лидерлик сапаттары эки мамлекеттин мамилесин калыбына келтирүү үчүн жакшы өзөк болууда Россия менен Американын мамилелерин толук кандуу калыбына келтирүү адегенде батыштык өнөктөштөрүнөн көз каранды. Себеби, АКШ алар менен ар кандай биримдиктердин, анын ичинде НАТОнун алкагында да байланышта РФ менен АКШ байланыштары министрлик жана компаниялар деңгээлинде уланууда.
Министрлер кабинети кафе жана ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салууну сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, тейлөөгө деп эсептелген кошумча төлөмдү (адатта 5-15%) алууга жол берилбейт. Бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менюда, прейскурантта толук көрсөтүлүп, чай-пул берилген учурду кошпогондо прейскурант/менюдагы эсеп акыркы суммага дал келиши керек. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн делген 15 пайыздык акы жокко чыгарылышы ыктымал экенин билдирген. Ал бул акы алууну мыйзамсыз деп айтууга болбой турганын, ошол эле учурда кардарлар анын негизсиз кошулганын айтып жатканын билдирген. Мындан улам тиешелүү мекемелер тарабынан талдоо жүргүзүлүп, сунуштарды даярдоо боюнча кыймыл башталганын кошумчалаган.Ататүрк паркы реконструкциялана баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев долбоорду көрүп чыкты. Ага ылайык, сейил бактын кире бериши, афган жоокерлерине коюлган эстелик жаңыртылып, балдар жана спорт аянтчалары, сахна, иппотерапия аймагы курулат. Ошондой эле үч чакырым чуркоо жана 3,6 чакырым велосипед жолу, көлмө, кароол аянтчалары жана тротуарлар түшөрү айтылды. Карылыгы жеткен бактар менен жапайы бадалдар алынып, ордуна жаңы көчөттөр тигилет. Муниципалитет буга чейин паркка мыйзамсыз курулган үйлөрдүн ээлеринен 500 миллион сом чогултуун пландап жатканын, анын 97 миллиону түшкөнүн, каражат парктарды өнүктүрүүгө жумшаларын кабарлаган.Кыргызстанда 2025-жылкы ID-карта жана жалпы жарандык паспорт колдонууга берилет. Минкабдын токтомуна ылайык, алар 2024-жылкы ID-карталар жана 2023-жылкы паспорттордун бланктары түгөнгөндө пайдаланыла баштайт. Паспортторду персонификациялоо милдети президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы "Кызмат" мекемесине жүктөлдү.Россия менен АКШнын мамилеси төмөн деңгээлде турган, бирок президенттикке Дональд Трамп келгенден кийин тоннелдин аягындагы жарык көрүнгөндөй болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россиянын өзөктүк тармактарынын жумушчулары менен жолугушууда айткан. РФ президентинин Россия менен АКШ мамилелери тууралуу айткан кебинин урунттуу учурлары төмөндө: Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маңыздуу жана ачык болду РФ менен АКШ жасаган алгачкы кадамдар мамилелерди толук масштабдуу калыбына келтирүүнүн башталышы РФ менен АКШнын мамилелерди калыбына келтирүүдөгү темпи сакталууда Трамптын лидерлик сапаттары эки мамлекеттин мамилесин калыбына келтирүү үчүн жакшы өзөк болууда Россия менен Американын мамилелерин толук кандуу калыбына келтирүү адегенде батыштык өнөктөштөрүнөн көз каранды. Себеби, АКШ алар менен ар кандай биримдиктердин, анын ичинде НАТОнун алкагында да байланышта РФ менен АКШ байланыштары министрлик жана компаниялар деңгээлинде уланууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/18/1096072268_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8c6b01f74531024ae98cf106d5bd6f7e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио