00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Айыл чарба министрлиги өлкөдө помидордун түшүмү жакшы болуп жатканын билдирди.Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда 270 гектар аянтка помидордун "Хайнц" жана "Есесем" сорттору отургузулуп, гектарынан 120 тонна чыгып жатат. Министрлик дүйнөдө эң жогорку түшүмдү Түндүк Америкада алышарын, гектарынан 90 тоннага чейин помидор жыйнашарын белгилген."Түшүмдүн басымдуу бөлүгү соус, кетчуп сыяктуу продукцияларды өндүрүүгө жөнөтүлөт, калганы экспортко чыгат. Жашылча Италиядан алып келинген атайын томат жыйноочу комбайн менен чогултулат", — деп жазылат билдирмеде.
Ош шаарында борбордук стадиондун масштабдуу реконструкциясы башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Белгиленгендей, стадиондун кире беришиндеги жана ага жанаша жайгашкан каналдын боюндагы архитектуралык көрүнүштү бузган курулуштар алып салынууда. Алардын ордуна шаардыктар жана калаа коноктору үчүн ыңгайлуу, ачык, коопсуз жана көрктүү мейкиндик пайда болот.“Жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү заманбап шаар куруу талаптарына ылайык аткарылат. Ал эми стадион футбол боюнча жогорку деңгээлдеги беттештерди өткөрүүгө ылайыкташтырылат”, — дешти министрликтен.
Кыргызстандык балбан Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмактык категорияда жаштар арасындагы дүйнө чемпиону аталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Жантөрө Мирзалиев турнирдеги биринчи беттешинде Беларусь балбаны Ихар Зварыкинди 9:0 эсебинде жеңген. Андан кийин, 1/8 финалда швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште 2024-жылдын жаштар арасындагы дүйнө жана Европа чемпиону болгон россиялык Эрза Закриев менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңишке жетип, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамына ээ болду. Бул жеңиши менен Жантөрө Мирзалиев кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон алтынчы балбан болуп калды. Буга чейин мындай корсоткучко Уран Калилов Жанарбек Кенжеев, Калы Сулайманов, Эрбол Бакиров, Асан Жанышов жеткен.
Евробиримдик Россиянын тоңдурулган каражатынан түшкөн кирешеден Украинага 10,1 миллиард евро бөлгөн. Бул тууралуу Еврокомиссиянын маалыматына таянып Welt am Sonntag басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.Маалыматка ылайык, бул РФ Борбордук банкынын январдан июлга чейинки кирешеси. Брюссель бул каражатты өлкөдөгү аскерий жана жарандык долбоорлорду колдоого жумшап жатат. Март, май, июнь жана июль айларында Украина ай сайын 1 миллиард евродон алган, январда 3 миллиард, ал эми апрелде 3,1 миллиард евро бөлүнгөн. Бирок айрым саясатчылар, анын ичинде Европарламенттин коргоо комитетинин төрайымы Мари-Агнес Штрак-Циммерманн, Киевге бир гана пайыздар эмес, бардык тоңдурулган активге жол ачуу зарыл экенин айтууда. Ал эми экономисттер мындай кадам дүйнөлүк каржы системасын оор кесепеттерге кептей турганын эскертип келишет. Россиянын Украинадагы атайын операциясынан кийин ЕБ жана G7 өлкөлөрү РФтин валюта резервиндеги 300 миллиард еврону тоңдурган. Анын 200 миллиард евродон ашыгы бельгиялык Euroclear компаниясынын эсептеринде турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0