https://sputnik.kg/20250824/1096068364.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча квота ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ушул... 24.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-24T08:59+0600
2025-08-24T08:59+0600
2025-08-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/18/1096068232_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee1b514cd23fc5cb864e1f84b0a08350.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча квота ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ушул кезге чейин бир дагы мектепке 1-2-класстарга кабыл алына элек балдарга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү максатында "Мектепке электрондук каттоо" системасында кошумча квота ачылат. 2025-2026-окуу жылына мектепке 1-2-класстарга кошумча кабыл алуу 2025-жылдын 25-августунда саат 09:00дө башталат. Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө бар-жогун алдын ала текшерип, баланы “Мектепке электрондук каттоо” кызматы аркылуу “Түндүк”, “Мбанк” жана МойО! же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катталышы керек.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер ɵндүрүүчү заводу ачылат. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардын өнөр жай аймагында жайгашкан шифер чыгаруучу заводдун жалпы долбоордук баасы 70 млн сом. Ишкана күнүнɵ 3500 дана шифер листерин ɵндүрүү кубаттуулугуна ээ. Жалпы 40тан 70ке чейин жаңы иш оруну түзүлөт. Бүгүнкү күндө шифер заводунун жабдуулары толук алынып келип орнотулду. Сыноо иретинде шифер үлгүлɵрү чыгарылып, лабораториядан ɵткɵрүлдү. Завод толук кандуу иштөөгө даяр. Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов өндүрүш ишканасынын даярдыгын көрүп, ишкананын ачылышы, курулуш материалдарына болгон суроо талапты женилдетүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Жеке ишкер Ош шаардык мэриясына жаңы 10 автоунаа белек кылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ”Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек”- деп жазылган каз катар тизилген он жаңы унаа Ош шаарынын мэриясына белек катары тапшырылды. Жалал-Абад облусунун тургуну транспортту мэр Жеңишбек Токторбаевге тапшырган. Ишкер машиналарды Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрди колдоо максатында алып келгенин айткан. Бул унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарылат. Эске салсак Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке киргизилип жатат. Буга чейин да 15 электромобиль алынып келинген.
Россия менен АКШнын мамилеси төмөн деңгээлде турган, бирок президенттикке Дональд Трамп келгенден кийин тоннелдин аягындагы жарык көрүнгөндөй болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россиянын өзөктүк тармактарынын жумушчулары менен жолугушууда айткан. Россия президентинин Россия менен АКШ мамилелери тууралуу айткан кебинин урунттуу учурлары булар: Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маңыздуу жана ачык болду Россия менен АКШ жасаган алгачкы кадамдар мамилелерди толук масштабдуу калыбына келтирүүнүн башталышы Трамптын лидерлик сапаттары эки мамлекеттин мамилесин калыбына келтирүү үчүн жакшы өзөк болууда
Мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча квота ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ушул кезге чейин бир дагы мектепке 1-2-класстарга кабыл алына элек балдарга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү максатында "Мектепке электрондук каттоо" системасында кошумча квота ачылат. 2025-2026-окуу жылына мектепке 1-2-класстарга кошумча кабыл алуу 2025-жылдын 25-августунда саат 09:00дө башталат. Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө бар-жогун алдын ала текшерип, баланы “Мектепке электрондук каттоо” кызматы аркылуу “Түндүк”, “Мбанк” жана МойО! же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катталышы керек. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер ɵндүрүүчү заводу ачылат. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардын өнөр жай аймагында жайгашкан шифер чыгаруучу заводдун жалпы долбоордук баасы 70 млн сом. Ишкана күнүнɵ 3500 дана шифер листерин ɵндүрүү кубаттуулугуна ээ. Жалпы 40тан 70ке чейин жаңы иш оруну түзүлөт. Бүгүнкү күндө шифер заводунун жабдуулары толук алынып келип орнотулду. Сыноо иретинде шифер үлгүлɵрү чыгарылып, лабораториядан ɵткɵрүлдү. Завод толук кандуу иштөөгө даяр. Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов өндүрүш ишканасынын даярдыгын көрүп, ишкананын ачылышы, курулуш материалдарына болгон суроо талапты женилдетүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Жеке ишкер Ош шаардык мэриясына жаңы 10 автоунаа белек кылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ”Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек”- деп жазылган каз катар тизилген он жаңы унаа Ош шаарынын мэриясына белек катары тапшырылды. Жалал-Абад облусунун тургуну транспортту мэр Жеңишбек Токторбаевге тапшырган. Ишкер машиналарды Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрди колдоо максатында алып келгенин айткан. Бул унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарылат. Эске салсак Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке киргизилип жатат. Буга чейин да 15 электромобиль алынып келинген. Россия менен АКШнын мамилеси төмөн деңгээлде турган, бирок президенттикке Дональд Трамп келгенден кийин тоннелдин аягындагы жарык көрүнгөндөй болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россиянын өзөктүк тармактарынын жумушчулары менен жолугушууда айткан. Россия президентинин Россия менен АКШ мамилелери тууралуу айткан кебинин урунттуу учурлары булар: Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маңыздуу жана ачык болду Россия менен АКШ жасаган алгачкы кадамдар мамилелерди толук масштабдуу калыбына келтирүүнүн башталышы Трамптын лидерлик сапаттары эки мамлекеттин мамилесин калыбына келтирүү үчүн жакшы өзөк болууда
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/18/1096068232_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_74b14af3bfd0e15bf1c8d74f6afc27e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио