00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы инфраструктура заман талабына толук жооп берерин жана аскер кызматчылары үчүн татыктуу шарттарды камсыздай турганын белгиледи. Ал азыркы учурда учкучсуз учуучу аппараттар, алыстан туруп башкаруучу техникалар жана башка ушул сыяктуу заманбап технологиялар биз жашап жаткан мезгилдин эң алдыңкы аскердик ыкмалары болуп саналарын белгилеп өттү. Соңунда президент Садыр Жапаров заманбап аскер шаарчасы, ошондой эле атайын техникалар менен таанышты.
Айыл чарба министрлиги Чүйдө помидордун түшүмү мол болуп, дүйнөлүк рекорд жаратып жатканын билдирди.Билдирмеге караганда, Жайыл районунда 270 гектар аянтка помидордун "Хайнц" жана "Есесем" сорттору отургузулуп, дыйкандар гектарынан 120 тонна алышууда. Министрлик дүйнөдө эң жогорку түшүмдү адатта Түндүк Америкада алышарын, гектарынан 90 тоннага чейин помидор жыйнашарын белгилген. "Түшүмдүн басымдуу бөлүгү соус, кетчуп сыяктуу продукцияларды өндүрүүгө жөнөтүлөт, калганы экспортко чыгат. Жашылча Италиядан алып келинген атайын томат жыйноочу комбайн менен чогултулат", — деп жазылат билдирмеде.
Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев Шанхайдагы UFC турниринде жеңүүчү болду Ал казакстандык мушкер Дияр Нургожайды муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Сатыбалдиев мунусунда орточо оор салмакта беттешти. Буга чейинки биринчи беттешинде оор салмакта кармашка чыккан.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча демилгелери ийгиликтүү ишке ашпаса Киев кыйроого туш болот. Бул тууралуу Британиянын Telegraph гезити жазганын РИА Новости жарыялады. Жума күнү Трамп эки апта ичинде Россия менен Украинанын жаңжалды жөнгө салуу боюнча кадамдарын билгиси келерин билдирген. Анын айтымында, Москва менен Украинанын мындан аркы кадамдары кандай болоруна жараша эки жума аралыгында Украина боюнча абдан маанилүү чечим кабыл алуу ниетинде турат. "Трамптын тынчтык пландары четинен бузулуп жатат. Россияга бул баалуу убакыт берсе, Украина үчүн кыйроого айланышы мүмкүн", — деп жазылат гезиттин маалыматында. Басылманын билдирүүсү боюнча, согуш талаасындагы абал Украина үчүн барган сайын көйгөйлүү болууда. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 43 тыйынга евро 101 сом 42 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 24-августка караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0