00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Гений авангарда: жизнь и творчество Александра Родченко
18:07
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кафе жана ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу сунушталды Өкмөттүн тиешелүү токтом долбору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тейлөөгө деп эсептелген кошумча төлөмдү алууга жол берилбейт. Бул сумма адатта 5-15 пайызды түзот. Токтом долборуна ылайык, бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менюда, прейскурантта толук көрсөтүлүп, чай-пул берилген учурду кошпогондо прейскурант/менюдагы эсеп акыркы суммага дал келиши керек.
Ысык-Көлдө мас абалында оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөткөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, инспекторлор айдочусу мас болушу ыктымал деген шек менен Тору-Айгыр айылында Honda Odyssey машинасын токтоткон. Айдоочу аларга баш ийбей жолдун каршы тилкесине түшүп качып, акыры кайгуулчулар кийинки посттон жолду жаап токтотушкан. Текшерген учурда анын мас экени, оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташып жүргөнү аныкталган."Жолдун каршы тилкесине чыгып айдаганы үчүн ага 15 миң сом айып пул салынып, машинасы айып короого токтотулду", — деп айтылат маалыматта. Мас болуп машина айдаганы үчүн ал бир жылга автоунаа башкаруу укугунан ажыратылары кошумчаланды.
Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу иштери аба ырайынын кескин төмөндөп кеткендигине байланыштуу толугу менен токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Министрлик чокуга бараткан куткаруу тобу тик учак менен түштүк "Эңилчек" базасына, ал эми куткаруу тобунун белинен жаракат алган башчысы "Каркыра" лагерине жайгаштырылганын, бүгүн алар Бишкекке алып келинерин кошумчалады. 12-августта Россиялык альпинист Наталья Наговицынанын Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып, бийиктикте калып калган. Анын шериги жабыркаган альпинистке биринчи жардам көрсөтүп, коопсуз жерге жайгаштырып, жардамга башкаларды чакырыш үчүн лагерге түшкөн. 13-августта ал лагердеги Италия менен Германиядан келген альпинисттер Наговицинага көтөрүлүшкөн. Ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Өткөн жумада Жеңиш чокусундагы адамдарга бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы кырсыктаган. Катаал аба ырайына байланыштуу тик учак тоого конууга аргасыз болгон. Борттогу бир нече адам жаракат алган.
Россиялык журналист Кирилл Вышинский оор илдеттен улам Москвада көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Журналист 59 жашта болчу. Вышинский 2015-жылы Россиянын жарандыгын алып, Украинанын Башкы прокуратурасы аны 2018-жылы колго түшүрүп, мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. Россия президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге маалымат өкүлдөрүнө басым көрсөтүүнү токтотуу талабын коюп нота жиберген. Кийин 2019-жылы 28-августта Киевдин апелляциялык соту аны абактан бошотуп, Россияга келген. Былтыр октябрда Вышинский Sputnik радиосунун башкы редактору болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0