00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин 21-22-августта Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады. Сапардын экинчи күнүндө расмий тосуп алуу аземинен кийин тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаровду "Алтын Кыран" ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү. Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн татыктуу болду. Мындан тышкары, Кыргызстандын бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлери "Достык" ордени менен сыйланышты. Андан соң мамлекет башчылары Бишкек шаарындагы "Достуктун алтын көпүрөсү" эстелигин ачышты. Сапардын соңунда Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Кемел Токаев атындагы мектеп-гимназияга барышты.
Кыргызстан тоңдурулган жемиштердин экспортун көбөйтүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө биринчи жарым жылдыкта 1 215,2 тонна продукция экспорттогон. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4,5 эсеге көп. ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алуучулардын арасында алдыңкы орунда турат: Россия — 779 тонна; Казакстан — 149; Түркия — 106; Өзбекстан — 79; Сербия — 60; Болгария — 20,5; Польша — 20 тоннf. Бир аз партия Японияга да жеткирилген.
Ысык-Көлдө мас абалында оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөткөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, инспекторлор айдочусу мас болушу ыктымал деген шек менен Тору-Айгыр айылында Honda Odyssey машинасын токтоткон. Айдоочу аларга баш ийбей жолдун каршы тилкесине түшүп качып, акыры кайгуулчулар кийинки посттон жолду жаап токтотушкан. Текшерген учурда анын мас экени, оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташып жүргөнү аныкталган."Жолдун каршы тилкесине чыгып айдаганы үчүн ага 15 миң сом айып пул салынып, машинасы айып короого токтотулду", — деп айтылат маалыматта.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча демилгелери ийгиликтүү ишке ашпаса Киев кыйроого туш болот. Бул тууралуу Британиянын Telegraph гезити жазганын РИА Новости жарыялады. Жума күнү Трамп эки апта ичинде Россия менен Украинанын жаңжалды жөнгө салуу боюнча кадамдарын билгиси келерин билдирген. Анын айтымында, Москва менен Украинанын мындан аркы кадамдары кандай болоруна жараша эки жума аралыгында Украина боюнча абдан маанилүү чечим кабыл алуу ниетинде турат. "Трамптын тынчтык пландары четинен бузулуп жатат. Россияга бул баалуу убакыт берсе, Украина үчүн кыйроого айланышы мүмкүн", — деп жазылат гезиттин маалыматында.
Жаңылыктар түрмөгү
0