https://sputnik.kg/20250823/1096053795.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Учурда курулуш тармагында адистердин жетишпестиги көйгөй болууда. Бул тууралуу Курулушчулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов билдирди. Анын айтымында учурда... 23.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-23T08:59+0600
2025-08-23T08:59+0600
2025-08-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/17/1096053663_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ca7615e26fb9f2a9272927bdc74b4cdc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Учурда курулуш тармагында адистердин жетишпестиги көйгөй болууда. Бул тууралуу Курулушчулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов билдирди. Анын айтымында учурда студенттерди 1-курстан баштап үйрөтүп алуу үчүн университет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Курулушта адистер жетишпей жатат. Ошондуктан Кыргыз техникалык университети менен меморандум түздүк, эми студенттерди 1-курстан баштап практикага тартып, үйрөтүп алабыз. Азыр кадр жетишсиздигинин айынан Пакистан, Бангладештен келгендер иштешет. Кытайдын компаниялары да келүүдө. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде бизде бул тармакта 31 пайызга өсүү болду", — деди Акматов. Ал учурда 10-20 компания биригип чоң-чоң долбоорлорго кирсек деген максаттар болуп жатканын кошумчалады.
Ош шаарына Россиянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу тамак-аш жардамынын биринчи партиясы жеткирилди. Анда түштүк аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 080 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы таратылат. Беш миңден ашык үй-бүлө бул азык-түлүктү ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, бак-дарак отургузуу, дарыялардын жээгин бекемдөө, айыл чарбанын алдыңкы ыкмаларын киргизүү боюнча окутууларга катышып алышат.
Кыргызстандык медицина кызматкерлери Японияда тажырыйба топтоп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Токио шаарында уюштурулган "Медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу" аттуу окуу программага катышып жатат. Бул программа жарандарды текшерип, баштапкы баскычта жугуштуу эмес ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча пилоттук системаларды чыңдоого багытталган. Ошондой эле анын жүрүшүндө Кыргызстандык медицина кызматкерлери Япониянын саламаттык сактоо системасын реформалоо тажрыйбасы менен таанышып, бейтаптарды медициналык мекемелерге багыттоо жолдору, калктын ден соолугун чыңдоо чаралары, медициналык кадрларды даярдоонун заманбап ыкмалары жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча тажрыйбаны изилдешкен. Муну менен катар программанын алкагында Токио, Йокогама жана Сики шаарларындагы алдыңкы медициналык мекемелерди кыдыруу, практикалык тренингдер, лекциялар жана япон адистери менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн.
Газа сектору биринчи жолу апааттуу ачарчылыкка кабылды. Бул тууралуу БУУ системасындагы агенттиктер менен гуманитардык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Газа тилкесинде жарым миллиондон ашык адам ачкачылыктын тузагына түштү. БУУда кабыл алынган Азык-түлүк коопсуздук фазаларынын интеграцияланган классификациясы беш стадияга бөлүнөт. Анда үч же бешке чейинки деңгээлдер тамак-аштын тартыштыгы курч экенинен кабар берсе, бешинчи стадия апааттуу ачарчылык жаралганын түшүндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, сентябрь айынын соңунда Газада 640 миңден ашуун адам ошол бешинчи стадияга, тагыраагы, азык-түлүктүн жетишсиздигинин эң төмөнкү деңгээлине туш болот. Бул аймактагы 1,14 миллион адам өзгөчө кырдаалда ал эми дагы 396 миң адам кризистик абалда калат. Буу Израилдин бийлигин Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдарды аймакка киргизүүгө чакырды.
Учурда курулуш тармагында адистердин жетишпестиги көйгөй болууда. Бул тууралуу Курулушчулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов билдирди. Анын айтымында учурда студенттерди 1-курстан баштап үйрөтүп алуу үчүн университет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Курулушта адистер жетишпей жатат. Ошондуктан Кыргыз техникалык университети менен меморандум түздүк, эми студенттерди 1-курстан баштап практикага тартып, үйрөтүп алабыз. Азыр кадр жетишсиздигинин айынан Пакистан, Бангладештен келгендер иштешет. Кытайдын компаниялары да келүүдө. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде бизде бул тармакта 31 пайызга өсүү болду", — деди Акматов. Ал учурда 10-20 компания биригип чоң-чоң долбоорлорго кирсек деген максаттар болуп жатканын кошумчалады. Ош шаарына Россиянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу тамак-аш жардамынын биринчи партиясы жеткирилди. Анда түштүк аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 080 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы таратылат. Беш миңден ашык үй-бүлө бул азык-түлүктү ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, бак-дарак отургузуу, дарыялардын жээгин бекемдөө, айыл чарбанын алдыңкы ыкмаларын киргизүү боюнча окутууларга катышып алышат. Кыргызстандык медицина кызматкерлери Японияда тажырыйба топтоп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Токио шаарында уюштурулган "Медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу" аттуу окуу программага катышып жатат. Бул программа жарандарды текшерип, баштапкы баскычта жугуштуу эмес ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча пилоттук системаларды чыңдоого багытталган. Ошондой эле анын жүрүшүндө Кыргызстандык медицина кызматкерлери Япониянын саламаттык сактоо системасын реформалоо тажрыйбасы менен таанышып, бейтаптарды медициналык мекемелерге багыттоо жолдору, калктын ден соолугун чыңдоо чаралары, медициналык кадрларды даярдоонун заманбап ыкмалары жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча тажрыйбаны изилдешкен. Муну менен катар программанын алкагында Токио, Йокогама жана Сики шаарларындагы алдыңкы медициналык мекемелерди кыдыруу, практикалык тренингдер, лекциялар жана япон адистери менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн. Газа сектору биринчи жолу апааттуу ачарчылыкка кабылды. Бул тууралуу БУУ системасындагы агенттиктер менен гуманитардык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Газа тилкесинде жарым миллиондон ашык адам ачкачылыктын тузагына түштү. БУУда кабыл алынган Азык-түлүк коопсуздук фазаларынын интеграцияланган классификациясы беш стадияга бөлүнөт. Анда үч же бешке чейинки деңгээлдер тамак-аштын тартыштыгы курч экенинен кабар берсе, бешинчи стадия апааттуу ачарчылык жаралганын түшүндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, сентябрь айынын соңунда Газада 640 миңден ашуун адам ошол бешинчи стадияга, тагыраагы, азык-түлүктүн жетишсиздигинин эң төмөнкү деңгээлине туш болот. Бул аймактагы 1,14 миллион адам өзгөчө кырдаалда ал эми дагы 396 миң адам кризистик абалда калат. Буу Израилдин бийлигин Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдарды аймакка киргизүүгө чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/17/1096053663_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e254da51d4b23df70e73dc27fa0b4fa2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио