Токаевдин сапарында кыргыз-казак кызматташуусу үчүн 15 документке кол коюлду
15:04 22.08.2025 (Жаңыртылды: 17:56 02.09.2025)
Жазылуу
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки жактуу бир катар документтерге кол коюлду.
Эске салсак, учурда Казакстан лидери Кыргызстанда расмий сапар менен жүрөт.
Кол коюлган документтер, башкысы, 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча комплекстүү иш алып барууну караган планды жактырган чечими экенин президенттин маалымат кызматынан айтышты.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү;
Кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык, транзиттик-транспорттук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү кыргыз-казак мамилелеринин маселелери боюнча жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечими;
2030-жылга чейин Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы;
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Алматы облусунун акимдигинин (мэриясынын) ортосунда Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы ташылуучу автотранспорт каражаттары жана товарлар жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда өз ара сооданын алкагында автомобиль транспорту менен ташууларды көзөмөлдөө боюнча навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча сынамык долбоорду өткөрүү жөнүндө меморандум;
2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктулары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;
эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргызстандын Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуу;
министрлер кабинети менен казак өкмөтүнүн ортосундагы эки өлкөнүн элчиликтери үчүн Астана жана Бишкек шаарларындагы имараттарды, жер тилкелерин акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө макулдашуу;
Казакстандын Калкты социалдык жактан коргоо министрлиги менен Кыргызстандын Социалдык фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар планы;
Казак өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосундагы эки мамлекеттин жер үстүндөгү радио кызматтары колдонгон 29.7 МГц – 3000 ГГц радио жыштык тилкесинде радио жыштыктарды координациялоо жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин ортосундагы туризм жаатында кызматташуу боюнча 2025-2026-жылдарга карата иш-чаралар планы;
Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Казакстандын "Казакстан Республикасынын президентинин телерадиокомплекси" республикалык мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.

