https://sputnik.kg/20250822/1096052311.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекке расмий сапар менен келген казак лидери Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бул тууралуу анын... 22.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-22T19:00+0600
2025-08-22T19:00+0600
2025-08-22T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/16/1096052179_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c7e63b7c4fccdcad33290faa48f85d31.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекке расмий сапар менен келген казак лидери Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык өлкөлөр ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн төмөнкүлөр сыйланган: Камчыбек Ташиев — І даражадагы "Достық" ордени; Дастан Жумабеков — ІІ даражадагы "Достық" ордени; Арслан Койчиев — ІІ даражадагы "Достық" ордени; Аскар Салымбеков — ІІ даражадагы "Достық" ордени. Өлкө башчысы өз сөзүндө сыйлыкка татыгандар эмгеги жана ишке берилгендиги менен эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын белгилеген.
Кыргызстанда IT адистерди акысыз окуткан "Мектеп 21" билим берүү уюмун ачуу пландалууда Мектепте мугалимдер да, лекциялар да болбойт. Студенттер команда менен иштеп, практикалык тапшырмаларды аткаруу аркылуу билим алышат. Программа ийкемдүү болуп, IT рыногундагы өзгөрүүлөргө ыкчам ылайыкташат. Окуу акысыз жана 18 жаштан жогорку бардык каалоочуларга жеткиликтүү. Диплом же иш тажрыйба талап кылынбайт. Бишкекте атайын кампус ачылып, керектүү инфраструктура менен камсыздалат. Долбоор президент Садыр Жапаров менен Россиянын "Сбербанкынын" жетекчиси Герман Грефтин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылмакчы.
Ошто куткаруучу жубайлар Араван — Ак-Буура каналына чөгүп бараткан эки өспүрүм кызды аман алып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, окуя лейтенант Бексултан Канжарбек уулу жана келинчеги прапорщик Кулпунай Абдыкалык кызы эмгек өргүүдө жүргөндө болгон. Куткаруучулар кыздардын чөгүп баратканын байкап калып, дароо жардам беришкен. Суудан чыгарган соң алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Өспүрүмдөрдүн абалы канааттандырарлык экенин айтылды. Кыздардын энеси жубайларга ыраазычылыгын билдирген.
Чет өлкөлүк трак айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотулду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык түйүнүнө жазды. "Бардык коммерциялык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жумушчу виза берүүнү токтотобуз", — деп жазган ал. Мамкатчы жүк ташуучу унааларды айдаган чет элдик айдоочулардын көбөйүшү өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, америкалык айдоочулардын жашоо деңгээлин начарлатарын айткан.//// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 101 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 23-августка караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 23-август, республиканын айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус ысык болот.Күндүн табы борбор калаада +28…+30, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Ата шаарында +20...+22 градуска көтөрүлөт.
Бишкекке расмий сапар менен келген казак лидери Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык өлкөлөр ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн төмөнкүлөр сыйланган: Камчыбек Ташиев — І даражадагы "Достық" ордени; Дастан Жумабеков — ІІ даражадагы "Достық" ордени; Арслан Койчиев — ІІ даражадагы "Достық" ордени; Аскар Салымбеков — ІІ даражадагы "Достық" ордени. Өлкө башчысы өз сөзүндө сыйлыкка татыгандар эмгеги жана ишке берилгендиги менен эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын белгилеген.Кыргызстанда IT адистерди акысыз окуткан "Мектеп 21" билим берүү уюмун ачуу пландалууда Мектепте мугалимдер да, лекциялар да болбойт. Студенттер команда менен иштеп, практикалык тапшырмаларды аткаруу аркылуу билим алышат. Программа ийкемдүү болуп, IT рыногундагы өзгөрүүлөргө ыкчам ылайыкташат. Окуу акысыз жана 18 жаштан жогорку бардык каалоочуларга жеткиликтүү. Диплом же иш тажрыйба талап кылынбайт. Бишкекте атайын кампус ачылып, керектүү инфраструктура менен камсыздалат. Долбоор президент Садыр Жапаров менен Россиянын "Сбербанкынын" жетекчиси Герман Грефтин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылмакчы. Ошто куткаруучу жубайлар Араван — Ак-Буура каналына чөгүп бараткан эки өспүрүм кызды аман алып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, окуя лейтенант Бексултан Канжарбек уулу жана келинчеги прапорщик Кулпунай Абдыкалык кызы эмгек өргүүдө жүргөндө болгон. Куткаруучулар кыздардын чөгүп баратканын байкап калып, дароо жардам беришкен. Суудан чыгарган соң алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Өспүрүмдөрдүн абалы канааттандырарлык экенин айтылды. Кыздардын энеси жубайларга ыраазычылыгын билдирген. Чет өлкөлүк трак айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотулду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык түйүнүнө жазды. "Бардык коммерциялык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жумушчу виза берүүнү токтотобуз", — деп жазган ал. Мамкатчы жүк ташуучу унааларды айдаган чет элдик айдоочулардын көбөйүшү өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, америкалык айдоочулардын жашоо деңгээлин начарлатарын айткан.//// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 101 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 23-августка караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 23-август, республиканын айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус ысык болот.Күндүн табы борбор калаада +28…+30, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Ата шаарында +20...+22 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/16/1096052179_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a803dcf70eb0ef4829b7ab3730d9aa36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио