00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан адаптирует бизнес-правила под нормы ЕАЭС и цифровую экономику
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Казак лидеринин расмий сапарынын урматына "Ынтымак ордо" имаратынын алдына мамлекеттик туулар илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү. Өлкө башчылары жылуу саламдашып, рота командиринин рапортун кабыл алышты. Мамлекеттик гимндер жаңырды. "Эки президент катарды кыдырып, Касым-Жомарт Токаев Ардак кароол ротасы менен саламдашты. Мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты", — деп айтылат маалыматта.
Муну улай эле Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүү өткөрдү. Анда Жапаров Калыптанган достук мамилелердин негизинде ортодогу бардык маселелерди кеңешип чечерибизге ишенем деген пикирин билдирди. Ал былтыр Астана шаарындагы жолугушууда кызматташуунун бардык багыттарын талдап карап чыгышканын, бүгүн жогорку мамлекеттер аралык кеңештин VII жыйыны өтүп жатканын, бул отурум ортодогу боордоштукту, стратегиялык өнөктөштүктү жакшыртууга өбөлгө болоруна ишеним арткан. Ошондой эле өлкө башчысы Бишкек шаарында казак киносунун күндөрү жана эки өлкөнүн димилгелүү жаштарынын башын бириктирген кыргыз-казак жаштар форуму ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов аткезчиликке каршы күрөшүү максатында уюшулган Төрт-Гүл айыл аймагындагы Развилка жана Сүлүктү шаарындагы посттордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, Айбек Шаменов постто турган чек ара, бажы, ветеринардык кызматтын, ички иштер органдарынын кызматкерлерине облус аймагына алып келинип жаткан мал жандыктарын ар бирин тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле облус башчысы мал алып-сатуу менен алектенген жарандар менен да жолугуп, облус аймагында эт азыктарынын баасын турукташтыруу жана эт таңкыстыгын жөнгө салуу максатында аткезчиликке каршы күрөш уланарын билдирди.
Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын Россиянын Курск облусун украиналык согушкерлерден бошотууга катышкан өзүнүн аскерлери менен командирлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. Салтанат Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин штаб-квартирасында өткөн. Ага курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, Эмгек партиясынын Борбордук аскер комитетинин мүчөлөрү, Коргоо министрлигинин алдыңкы командирлери, Корей Элдик армиясынын ири бирикмелеринин аскердик-саясий командирлери катышкан."Ким Чен Ын Корея Баатыры наамын мыкты командирлерге жана жоокерлерге ыйгарды. Ошондой эле курман болгон жоокерлердин портреттерине медалдарды чаптады. Ал партия менен мамлекет "ыйык кадыр-баркты жана өлкөнүн абийирин коргогон" операциянын катышуучуларынын эрдигин жогору баалай турганын белгиледи", — деп айтылган маалыматта. Ал курман болгон аскерлердин үй-бүлөсү менен өзүнчө жолугуп, көңүл айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0