https://sputnik.kg/20250821/zelenskiy-ukrainaga-koopsuzduktun-kanday-kepildikterin-kaalayt-1096015997.html
Зеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айтты
Зеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-авг. — Sputmik. Владимир Зеленский Украина үчүн АКШ Израилге бергендей коопсуздук кепилдигин каалайт. Бул туурасында украиналык УНИАН агенттиги... 21.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-21T15:22+0600
2025-08-21T15:22+0600
2025-09-02T11:50+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
коопсуздук кепилдиги
владимир зеленский
https://sputnik.kg/img/07e9/08/15/1096015777_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_391ebbdb88f918408b0bd53619c6b694.jpg
БИШКЕК, 21-авг. — Sputmik. Владимир Зеленский Украина үчүн АКШ Израилге бергендей коопсуздук кепилдигин каалайт. Бул туурасында украиналык УНИАН агенттиги жазды.Франс Пресс агенттиги жазгандай, Зеленский Украина 7–10 күндүн ичинде коопсуздук кепилдигин ким кандай жол менен жана кандай шарттарда берери так белгиленген келишимди каалайт. Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун айткан. АКШ лидери Европа мамлекеттеринин башчылары жана Зеленский менен жолуккандан кийин РФ президентине чалган. Россия жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Трамп Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгонун билдирген. Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөндө Россия-Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүнүн уланышын кубаттай турганын айтышкан. Мындан улам эки тараптын өкүлдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү идеясы талкууланган. Шаршембиде РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия Украина менен маселени саясий жактан жөнгө салуну талкуулоого жана каалаган форматта иштөөгө даяр экенин айткан. Ошол эле учурда Москва 2022-жылы Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө орус тарап сунуштаган гуманитардык, аскердик жана саясий маселелерди кененирээк карай турган үч иш тобун түзүү боюнча Киевден алиге чейин жооп ала электигин эске салган. Андан сырткары, мүмкүн болгон үч тараптуу жолугушуу абалды начарлатпашы керектигин, андыктан кылдат даярдыкты талап кыларын белгилеген.
https://sputnik.kg/20250821/aksh-azyryncha-kiyev-boyuncha-kepildik-aluuga-ashykkan-zhok-1096007429.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/15/1096015777_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_c858b6c3ef06303b495ef39854e6d102.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, коопсуздук кепилдиги, владимир зеленский
дүйнөдө, акш, россия, украина, коопсуздук кепилдиги, владимир зеленский
БИШКЕК, 21-авг. — Sputmik. Владимир Зеленский Украина үчүн АКШ Израилге бергендей коопсуздук кепилдигин каалайт. Бул туурасында украиналык
УНИАН агенттиги жазды.
"Мисал катары (Владимир Зеленский — ред.) АКШнын Израиль үчүн алган кепилдиктерин келтирди", — деп айтылган маалыматта.
Франс Пресс агенттиги жазгандай, Зеленский Украина 7–10 күндүн ичинде коопсуздук кепилдигин ким кандай жол менен жана кандай шарттарда берери так белгиленген келишимди каалайт.
Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун айткан.
АКШ лидери Европа мамлекеттеринин башчылары жана Зеленский менен жолуккандан кийин РФ президентине чалган. Россия жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Трамп Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгонун билдирген.
Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөндө Россия-Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүнүн уланышын кубаттай турганын айтышкан. Мындан улам эки тараптын өкүлдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү идеясы талкууланган.
Шаршембиде РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия Украина менен маселени саясий жактан жөнгө салуну талкуулоого жана каалаган форматта иштөөгө даяр экенин айткан. Ошол эле учурда Москва 2022-жылы Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө орус тарап сунуштаган гуманитардык, аскердик жана саясий маселелерди кененирээк карай турган үч иш тобун түзүү боюнча Киевден алиге чейин жооп ала электигин эске салган. Андан сырткары, мүмкүн болгон үч тараптуу жолугушуу абалды начарлатпашы керектигин, андыктан кылдат даярдыкты талап кыларын белгилеген.