00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:56
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыз-келиндер жана спорт: машыгуу эркектердикинен айырмаланышы керекпи?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
«Псы» — бир адам кайдыгер коомду ойготот, жолбун иттердин тагдыры кандай болот?
19:07
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Меняющие мир
Прошлое, которое работает на будущее: разговор с историком и археологом
20:08
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Атмосфералык абанын сапаты жакшырдыбы — минкабдын жаңы токтому чыкты
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер аял" аттуу форум өтүп жатат. Ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышууда. Форумдун негизги максаты — лидер айымдарды колдоо жана тажрыйба алмашуу. Иш-чарага 200гө жакын кыз-келин келген.Иш-чаранын соңунда Жапарова менен Мирзиёева Борбор Азиянын интеллектуалдык оюндары — Zakovat Asian Cup II эл аралык турнирине катышат. Zakovat Asian Cup II кубогу үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын курама топтору күч сынашат. Алар эки өлкөнүн эң мыкты интеллектуалдарын чогулткан командалар болуп саналат.
Акыйкатчы институту Бишкекте кайнатасы зордуктады деген 20 жаштагы келиндин жүрөк тилген окуясы менен бөлүштү. Маалыматка караганда, жабырлануучу бул үй-бүлөгө былтыр 17-июлда келин болуп келген. Анын айтымында, келгенине бир ай өтпөй кайнатасы бычак менен коркутуп, зордуктаган. Мындай ыплас көрүнүш бир жылда көп жолу кайталанган. Кайненеси көргөнү менен чара көргөн эмес. "Келин 2025-жылдын 11-апрелинде көз жарган. Төрөт үйүнөн чыккандан 15 күн өтпөй кайнатасы кайра кол салган. Бул тууралуу жолдошуна май айында гана айтып берген. Натыйжада ата-баланын ортосунда чыр чыгып, кайнатасы баласын сабаган. Андан кийин кичинекей баласы менен 10 күнгө талаа жумуштарына кетирип жиберген. Ал жакты да кыйратпай жатасыңар деп уруш чыгарганда жаш жубайлар баласын кайнатасына таштап Ысык-Көлгө качып кетишкен. Милицияга Караколдон арыз жазышып, иш Бишкектин милициясына өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Шектүү кармоо учурунда күч органдарына 50 миң сом пара сунуштап, ага карата дагы бир берене боюнча иш козголгон. Жубайлар төрт айлык баласын кайын журтунан алыш үчүн кризистик борборго кайрылышкан. Баланы алганы барганда бөбөк ыйлоого да алы келбей алсырап, кийин ооруканадан чарчап калганы айтылды. Акыйкатчы жаштарга акысыз адвокат, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү тараптарга расмий кат жолдоду.
Эртең, 21-августтан тарта, Фрунзе менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка караганда, Фрунзе көчөсү боюнча жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрөт. "1971-жылдан бери иштеп келе жаткан түтүктөрдүн колдонуу мөөнөтү бүткөндүктөн тез арада алмаштырууну талап кылат. Оңдоо иштери 1-сентябрда аяктайт", — деп айтылат маалыматта. Айдоочуларга жол каттамын алдын ала пландап алуу сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0