https://sputnik.kg/20250819/zelenskiy-zher-almashuudan-bash-tartkan-zhok-1095963136.html
ЖМК: Зеленский жер алмашуудан баш тарткан жок, бирок бир маселе барын айтууда
ЖМК: Зеленский жер алмашуудан баш тарткан жок, бирок бир маселе барын айтууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө "жер алмашуудан" баш тарткан эмес, бирок Украинанын Баш... 19.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-19T10:44+0600
2025-08-19T10:44+0600
2025-08-19T10:44+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
владимир зеленский
жер
алмашуу
тышкы саясат
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/08/13/1095962373_0:250:3072:1978_1920x0_80_0_0_a0400142bc24f09ada8eb065a765e639.jpg
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө "жер алмашуудан" баш тарткан эмес, бирок Украинанын Баш мыйзамында андай нерсеге тыюу бар экенин айткан. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.Аны менен катар эле Киев режиминин башчысы алмашканда эки жактын тең айырбаштаган жерлери бирдей болушу керектигин кыйыткан. Вашингтондогу жолугушуудан кийин Зеленскийдин өзү аймактарды алмашуу маселесин Москва менен Киев чече тургандыгын, Россия лидери Владимир Путин менен жолугуунун күнү так эместигин айтты. Буга чейин Financial Times басылмасы Украина Россияга бир катар жерлерин берүүгө, согушту жүрүп жаткан чектерде токтотуу туурасындагы келишимге каршы экендигин билдирген эле. Андан сырткары, Москванын кенемте төлөп берсин дегенин кошумчалаган. Ак үйдөгү жолугушуу Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан. Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгон. АКШ лидери да жолугушууну жемиштүү болду деп жазган. Андан сырткары, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун белгиледи.
https://sputnik.kg/20250819/-tramp-putinge-chaldy--1095960767.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/13/1095962373_80:0:2812:2048_1920x0_80_0_0_84db69d19889733b09ae100fa9034b6c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, жер, алмашуу, тышкы саясат, дональд трамп
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, жер, алмашуу, тышкы саясат, дональд трамп
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө "жер алмашуудан" баш тарткан эмес, бирок Украинанын Баш мыйзамында андай нерсеге тыюу бар экенин айткан. Бул туурасында
РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.
"Аймактарды алмашуудан баш тарткан жок. Бирок элди жер оодуруу жана Конституция салган тыюуну кыйгап өтүү кыйын болорун айткан", — деп жазды басылма.
Аны менен катар эле Киев режиминин башчысы алмашканда эки жактын тең айырбаштаган жерлери бирдей болушу керектигин кыйыткан.
Вашингтондогу жолугушуудан кийин Зеленскийдин өзү аймактарды алмашуу маселесин Москва менен Киев чече тургандыгын, Россия лидери Владимир Путин менен жолугуунун күнү так эместигин айтты.
Буга чейин Financial Times басылмасы Украина Россияга бир катар жерлерин берүүгө, согушту жүрүп жаткан чектерде токтотуу туурасындагы келишимге каршы экендигин билдирген эле. Андан сырткары, Москванын кенемте төлөп берсин дегенин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан.
Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгон.
АКШ лидери да жолугушууну жемиштүү болду деп жазган. Андан сырткары, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун белгиледи.