00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үч жашка чейинки бардык балдар алуучу “Бала ырысы” жөлөкпулунун механизмдери иштелип чыгууда
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргыз скульптурасынын көрүнүктүү чеберлеринин бири, профессор, Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген кызматкер Улан Садыков дүйнө салды. Бул туурасында анын жакындары билдирди. Садыковдун ысымы искусство менен маданиятка берилгендиктин белгиси катары сакталып калды. Улан Садыков 1966-жылдын 29-июнунда Бишкекте төрөлгөн. Эрте жашынан эле чыгармачылыкка аралашып, алгач Семен Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайында, андан соң Василий Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм институтунда билим алган. Улуттук китепкананын имаратынын алдындагы акын Алыкул Осмоновдун, ковид пандемиясындагы ак халатчандардын эрдигин чагылдырган эстеликтер дал ушул сүрөткердин колунан чыккан. Анын эмгектеринин арасында "Жаштык", "Футболчу" аттуу монументтери, Түркиянын Кайсери шаарында Ататүрккө арналган чыгармалар сериясы жана Изник шаарында тургузулган "Кыргыз жоокери" эстелиги бар. Садыковдун эмгектери жана аталган тармакка кошкон чыгармачылык салымы жогору бааланган. 2000-жылы ал Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгына татыган, ал эми 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Чолпон-Ата шаарында 18-август күнү КМШга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн байланыш жетекчилеринин координациялык комитетинин жыйыны, ошондой эле аскердик байланыш тармагындагы адистер менен жолугушуу болуп өттү. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында байланыш системаларын өнүктүрүү, иш-аракеттерди координациялоо жана Шериктештик өлкөлөрүнүн армиялары ортосунда тажрыйба алмашуу талкууланды. Анын жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын байланыш башкармалыгынын жетекчиси, полковник Азат Хайбулов катышкан. Ал аскердик байланыш тармагындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, натыйжалуу жана туруктуу байланыш системасы армиялардын коопсуздугунун жана согушка жөндөмдүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши Беларустун борборунда 29-сентябрда өтөт. Бул туурасында уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөр кеңешинин жыйынынын алдында билдирген. Буга чейин аталган иш-чара 30-сентябрда өтөрү маалымдалган болчу. "КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны 29-сентябрда болмокчу. Баса белгилеп айткым келет, 29-сентябрда. Азыр ушул жыйынга даярданып жатабыз", — деген ал. Лебедев күн тартибине 14 маселе жана 25 документтин долбоору киргизилерин айтты. Алардын ичинде 2026-2030-жылдарга эсептелген КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын экинчи этабын ишке ашыруу планы да бар.
"Курак" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусан эл аралык кинофестивалына катышуунун алкагында болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Тасма "Азиялык көз караш" категориясында "эң мыкты азиялык тасма" сыйлыгы үчүн ат салышат. "Курак" тасмасы Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган. Тасманынын режиссёру маркум Эмил Атагелдиев жана Эрке Жумакматова. Белгилей кетсек, ХХХ Пусан эл аралык кинофестивалы 17-26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0