https://sputnik.kg/20250818/1095956204.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү өстүЗеленский согуш жүргөн жерде мунасага келүүгө даярМүлк салыгын дароо эсептеп берген электрондук... 18.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-18T19:00+0600
2025-08-18T19:00+0600
2025-08-18T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/12/1095956072_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2c25c98cdd6fb9a401bf6d96875e5592.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү өстүЗеленский согуш жүргөн жерде мунасага келүүгө даярМүлк салыгын дароо эсептеп берген электрондук модул ишке кирди. Алдыда кененирээкСалык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептеген электрондук модулду ишке киргизди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Ага ылайык, жаңы модулдун жардамы менен "Кадастрдын" базасындагы маалыматтын негизинде мүлк салыгын эсептөөгө болот. "Кызматты колдонуу үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, "Салыктык милдеттенмелер" модулун тандоо керек. Андан кийин "өтүү" баскычын басканда салык боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт. Оң жагындагы "төлөө" баскычын басканда QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу кызматтар сунушталат. Жаран өзүнө ыңгайлуусун тандап алып төлөй алат", —деп айтылат маалыматта. Салык кызматы төлөмдү аткарууда мүлктүн бирдиктүү коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөнүүчү сумма ачык көрсөтүлөрүн билдирди. Эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды.
2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталды. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү 36,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Пайдалуу кендерди казып алууда январь-июль айларында өндүрүштүн көлөмү 36,4 миллиард сомду, физикалык көлөмдүн индекси 114,6 пайызды түздү. Өсүштөр төмөнкү кендерди казып алуунун өсүшүнүн эсебинен жетишилди: Таш жана күрөң көмүр 15,2 пайызга (былтыргыдан 259,7 миң тоннага көп); Металл рудалары 22,3 пайызга Башка пайдалуу кендер 19,3 пайызга.
Владимир Зеленский азыркы согуш жүрүп жаткан жерде украиналыктар үчүн пайдалуу мунасага келүүгө даяр, бирок Донбасстан аскерин чыгарып кетүү ниети жок. Бул тууралуу Файнэншл таймз өзүнүн ишенимдүү адамдарына таянуу менен жазды. Киев режиминин жетекчисинин курчоосундагы укриналык аткаминер гезитке Зеленский Трамп менен "Донецк жана Луганскиден аскер күчүн чыгаруу сыяктуу кадамдарга мажбурлоосуз Украинада тынчтык орнотуу процесстерин талкуулоону" көздөп жатканын айтып берген. Буга чейин Зеленский Трамп менен Путиндин Аляскадагы жолугушуусу алдында өлкө Конституциясына таянуу менен аймактарынан баш тартпай турганын билдирген болчу. Кийинчерээк украиналык ЖМКларга маек куруп, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Донбасстын өздөрү көзөмөлдөп жаткан аймагынан чыкпай турганын айткан. Мындан тышкары, территориялык маселелерди Россия жана АКШ президенттери менен уюштурула турган үч тараптуу жолугушууда гана кеп кыларын белгилеген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 43 тыйынга евро 102 сом 13 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 19-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткенде +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жергесинде +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21...+26 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Быйыл Кыргызстанда пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү өстүЗеленский согуш жүргөн жерде мунасага келүүгө даярМүлк салыгын дароо эсептеп берген электрондук модул ишке кирди. Алдыда кененирээкСалык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептеген электрондук модулду ишке киргизди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Ага ылайык, жаңы модулдун жардамы менен "Кадастрдын" базасындагы маалыматтын негизинде мүлк салыгын эсептөөгө болот. "Кызматты колдонуу үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, "Салыктык милдеттенмелер" модулун тандоо керек. Андан кийин "өтүү" баскычын басканда салык боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт. Оң жагындагы "төлөө" баскычын басканда QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу кызматтар сунушталат. Жаран өзүнө ыңгайлуусун тандап алып төлөй алат", —деп айтылат маалыматта. Салык кызматы төлөмдү аткарууда мүлктүн бирдиктүү коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөнүүчү сумма ачык көрсөтүлөрүн билдирди. Эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды.2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталды. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү 36,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Пайдалуу кендерди казып алууда январь-июль айларында өндүрүштүн көлөмү 36,4 миллиард сомду, физикалык көлөмдүн индекси 114,6 пайызды түздү. Өсүштөр төмөнкү кендерди казып алуунун өсүшүнүн эсебинен жетишилди: Таш жана күрөң көмүр 15,2 пайызга (былтыргыдан 259,7 миң тоннага көп); Металл рудалары 22,3 пайызга Башка пайдалуу кендер 19,3 пайызга. Владимир Зеленский азыркы согуш жүрүп жаткан жерде украиналыктар үчүн пайдалуу мунасага келүүгө даяр, бирок Донбасстан аскерин чыгарып кетүү ниети жок. Бул тууралуу Файнэншл таймз өзүнүн ишенимдүү адамдарына таянуу менен жазды. Киев режиминин жетекчисинин курчоосундагы укриналык аткаминер гезитке Зеленский Трамп менен "Донецк жана Луганскиден аскер күчүн чыгаруу сыяктуу кадамдарга мажбурлоосуз Украинада тынчтык орнотуу процесстерин талкуулоону" көздөп жатканын айтып берген. Буга чейин Зеленский Трамп менен Путиндин Аляскадагы жолугушуусу алдында өлкө Конституциясына таянуу менен аймактарынан баш тартпай турганын билдирген болчу. Кийинчерээк украиналык ЖМКларга маек куруп, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Донбасстын өздөрү көзөмөлдөп жаткан аймагынан чыкпай турганын айткан. Мындан тышкары, территориялык маселелерди Россия жана АКШ президенттери менен уюштурула турган үч тараптуу жолугушууда гана кеп кыларын белгилеген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 43 тыйынга евро 102 сом 13 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 19-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткенде +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жергесинде +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21...+26 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/12/1095956072_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cf4e24650758db1b6fbd94548134ddcd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио