https://sputnik.kg/20250818/1095953546.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге кыскардыЫсык-Көл районунун акими коррупцияга шектелип кармалдыРоссиялык дарыгерлер студенттерге лекция окуп... 18.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-18T17:00+0600
2025-08-18T17:00+0600
2025-08-18T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/12/1095953414_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5d70ccdd619da23881306e63ebd5a505.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге кыскардыЫсык-Көл районунун акими коррупцияга шектелип кармалдыРоссиялык дарыгерлер студенттерге лекция окуп, бейтаптарга кеп-кеңеш беретАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети Кыргызстанда мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул токтомду ишке ашыруу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Маалымат менен тиркелген шилтеме аркылуу толук таанышууга болот.
18-22-август аралыгында Россиядан келген дарыгерлер медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн мастер-класстарды өтүп, лекция окуйт, мындан тышкары, тегерек столдорго катышып, бейтаптарды кабыл алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Анда Россиянын "РЖД-Медицина" клиникалар тармагынан келген алты жогорку квалификациялуу дарыгер иш алып барары айтылат. Медиктер Россотрудничество ишке ашырып жаткан эл аралык "Жакшылык Миссиясы" ыктыярдуу программасынын алкагында келишкен. "Дарыгерлер Москва, Красноярск, Самара жана Чита шаарларынан келди. Алардын арасында уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед бар", — деп айтылат маалыматта. Ар бир дарыгер өзүнчө клиникалык базага бекитилгени кошумчаланды.
Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге азайды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, малдын экспорту министрлик тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам азайган. Айтсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы сыртка чыгарылган.
Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекемеден билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүгүнө ылайык, ага уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгына иштеген деген айып коюлууда. "ИИМдин тергөө кызматынын шектүүнү камакка алуу жөнүндөгү өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. О.Ж.Т ушул жылдын 4-сентябрына чейин камалды", — деп айтылат маалыматта. Ормонов бул кызматка 2023-жылдын 25-августунда дайындалган.
Тараканды бакча жетекчисинин колуна салып... Жеңишбек Токторбаев Ош шаарындагы бир бала бакчаны текшерип чыкты Калаа башчысы бала бакчада ар бир бөлмөнү, сантехниканы текшерип, балдар жаткан төшөк, шейшептен бери жыттап чыккан. Тамак ичкен идиштерди, шкафтын ичинен бери караган мэр айрым нерселерди иретке келтирүүнү тапшырган. Жалпы жонунан "жакшы" деген баасын берип, бакчанын директорун мактап келе жатып Токторбаев кокустан полдон таракан таап алып директордун колуна салган. Бакча жетекчиси дезинфекция болорун айтып, текшерүү андан ары уланып кеткен.
Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге кыскардыЫсык-Көл районунун акими коррупцияга шектелип кармалдыРоссиялык дарыгерлер студенттерге лекция окуп, бейтаптарга кеп-кеңеш беретАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети Кыргызстанда мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул токтомду ишке ашыруу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Маалымат менен тиркелген шилтеме аркылуу толук таанышууга болот. 18-22-август аралыгында Россиядан келген дарыгерлер медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн мастер-класстарды өтүп, лекция окуйт, мындан тышкары, тегерек столдорго катышып, бейтаптарды кабыл алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Анда Россиянын "РЖД-Медицина" клиникалар тармагынан келген алты жогорку квалификациялуу дарыгер иш алып барары айтылат. Медиктер Россотрудничество ишке ашырып жаткан эл аралык "Жакшылык Миссиясы" ыктыярдуу программасынын алкагында келишкен. "Дарыгерлер Москва, Красноярск, Самара жана Чита шаарларынан келди. Алардын арасында уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед бар", — деп айтылат маалыматта. Ар бир дарыгер өзүнчө клиникалык базага бекитилгени кошумчаланды. Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге азайды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, малдын экспорту министрлик тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам азайган. Айтсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы сыртка чыгарылган. Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекемеден билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүгүнө ылайык, ага уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгына иштеген деген айып коюлууда. "ИИМдин тергөө кызматынын шектүүнү камакка алуу жөнүндөгү өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. О.Ж.Т ушул жылдын 4-сентябрына чейин камалды", — деп айтылат маалыматта. Ормонов бул кызматка 2023-жылдын 25-августунда дайындалган.Тараканды бакча жетекчисинин колуна салып... Жеңишбек Токторбаев Ош шаарындагы бир бала бакчаны текшерип чыкты Калаа башчысы бала бакчада ар бир бөлмөнү, сантехниканы текшерип, балдар жаткан төшөк, шейшептен бери жыттап чыккан. Тамак ичкен идиштерди, шкафтын ичинен бери караган мэр айрым нерселерди иретке келтирүүнү тапшырган. Жалпы жонунан "жакшы" деген баасын берип, бакчанын директорун мактап келе жатып Токторбаев кокустан полдон таракан таап алып директордун колуна салган. Бакча жетекчиси дезинфекция болорун айтып, текшерүү андан ары уланып кеткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/12/1095953414_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3646663fb2928312728eafdee417d289.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио