https://sputnik.kg/20250818/1095946786.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Баланы мектепке кошумча каттоо башталдыКыргызстандыктар "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун алкагында окуудан өттүМинистрлик аймактарга дарыгерлерди жумушка... 18.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-18T13:00+0600
2025-08-18T13:00+0600
2025-08-18T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/12/1095946654_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81fa817524f83eb3f6d72725119c495e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Баланы мектепке кошумча каттоо башталдыКыргызстандыктар "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун алкагында окуудан өттүМинистрлик аймактарга дарыгерлерди жумушка чакырып, кошумча акы убадалоодоАлдыда кененирээкӨлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди, орто медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди жумушка чакырган билдирүү таратты. Анда шаарлардан тартып алыскы райондорго чейин ондогон бош кызмат орундары бар экени айтылат. Иштейм дегендер үчүн төмөнкүдөй колдоо жана стимул берүү чаралары сунушталды: алыскы райондор, чакан шаарлар жана айыл жергесиндеги медициналык уюмдарга жиберилген адистерге ай сайын 20 000 сом компенсация; Бишкек жана Ош шаарларындагы Тез жардам кызматынын дарыгерлерине 20 000 сом компенсация; аймактарда ординатурадан же интернатурадан өтүүнү каалаган жаш дарыгерлерге 20 000 сом стипендия; алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде иштеген дарыгерлерге ар квартал сайын 66 000 сом кошумча төлөм; эл аралык талаптарга ылайык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары; кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык кепилдик.
Бүгүндөн баштап 30-сентябрга чейин "Электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Анын алкагында "Каттоону жокко чыгаруу" баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса ата-энелер мурдагы каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат. "Кошумча каттоо аяктаганга чейин да жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алышат. Жүйөлүү себеп болсо билим берүү мекемесинин башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн", —деп айтылат маалыматта. Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөрү айтылды.
Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун 11-модулу уюштурулуп, ага кыргызстандыктар да катышты. Агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мастер-класстарды жана практикалык сабактарды өтүштү. Анын ичинде социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду. Ошондой эле окуя болгон жерден репортаж даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.Катышуучулар алган билимдерин дароо бышыктап, автордук Telegram-каналдарды түзүп, алган тажрыйбаны иш жүзүндө көрсөтүштү.
Күн мурун "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Балыкчы шаарындагы автоколоннасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү үчүн Кара-Кече көмүр кенине жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргыздын салтына ылайык, аксакалдар батасын берип колоннаны көмүр кенине жөнөтүштү. Учурда техника Кара-Кечедеги унаа токтоочу жайга келип, жүктөө иштерин баштоого даярдык көрүшүүдө. Республиканын кендеринен көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу Бишкек ЖЭБин алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдоого жана борбор калаанын жашоочуларын туруктуу жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик милдеттерди аткарууну улантууда.
Баланы мектепке кошумча каттоо башталдыКыргызстандыктар "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун алкагында окуудан өттүМинистрлик аймактарга дарыгерлерди жумушка чакырып, кошумча акы убадалоодоАлдыда кененирээкӨлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди, орто медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди жумушка чакырган билдирүү таратты. Анда шаарлардан тартып алыскы райондорго чейин ондогон бош кызмат орундары бар экени айтылат. Иштейм дегендер үчүн төмөнкүдөй колдоо жана стимул берүү чаралары сунушталды: алыскы райондор, чакан шаарлар жана айыл жергесиндеги медициналык уюмдарга жиберилген адистерге ай сайын 20 000 сом компенсация; Бишкек жана Ош шаарларындагы Тез жардам кызматынын дарыгерлерине 20 000 сом компенсация; аймактарда ординатурадан же интернатурадан өтүүнү каалаган жаш дарыгерлерге 20 000 сом стипендия; алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде иштеген дарыгерлерге ар квартал сайын 66 000 сом кошумча төлөм; эл аралык талаптарга ылайык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары; кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык кепилдик.Бүгүндөн баштап 30-сентябрга чейин "Электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Анын алкагында "Каттоону жокко чыгаруу" баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса ата-энелер мурдагы каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат. "Кошумча каттоо аяктаганга чейин да жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алышат. Жүйөлүү себеп болсо билим берүү мекемесинин башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн", —деп айтылат маалыматта. Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөрү айтылды.Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун 11-модулу уюштурулуп, ага кыргызстандыктар да катышты. Агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мастер-класстарды жана практикалык сабактарды өтүштү. Анын ичинде социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду. Ошондой эле окуя болгон жерден репортаж даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.Катышуучулар алган билимдерин дароо бышыктап, автордук Telegram-каналдарды түзүп, алган тажрыйбаны иш жүзүндө көрсөтүштү.Күн мурун "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Балыкчы шаарындагы автоколоннасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү үчүн Кара-Кече көмүр кенине жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргыздын салтына ылайык, аксакалдар батасын берип колоннаны көмүр кенине жөнөтүштү. Учурда техника Кара-Кечедеги унаа токтоочу жайга келип, жүктөө иштерин баштоого даярдык көрүшүүдө. Республиканын кендеринен көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу Бишкек ЖЭБин алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдоого жана борбор калаанын жашоочуларын туруктуу жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик милдеттерди аткарууну улантууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/12/1095946654_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1cc48aea133065731b7c7a16a09e7857.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио