00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Октябрь айында Кыргызстандын мектептерине Россиядан орус тили жана адабияты боюнча жаңы окуу китептер алып келинет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Министр Догдуркүл Кендирбаева Чолпон-Ата шаарында Россиядан келген кесиптештери, Билим берүү министрлигинин башчысы Сергей Кравцов, илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолуккан. "Орус тили жана окуу", "Орус тили", "Орус адабияты", "Орус жана дүйнөлүк адабият" предметтери боюнча окуу китептер эки өлкөнүн жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Аларды 1, 2, 5 жана 7-класстар окуйт.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде жаңы окуу жылынын алдында мектептердин даярдыгын текшерип, жетишпестиктерди көргөн соң парта, отургучтарды жаңылоого тапшырма берди.Ал бир катар жерлерде билим жайларынын абалын, андагы түзүлгөн шарттарга ичи чыкпай, кээ бир кызматкерлерди сындаган. Ал эми кээ бир билим жайларын мактаган. Кемчилик кеткен жерлердеги шалактап, отурууга ыңгайсыз болгон стулдарды, парталарды көзгө сайып көрсөткөн. Токторбаев мэриянын социалдык маселени караган бөлүгүнүн ишин жакшыртуу тапшырмасын койгон. "Ишти карабайсыңарбы. Карта ойноп, кабинеттен чыкпай отурасыңар", — деген мэр. Мэрге балдар отуруп сабак окуй турган эмеректер жараксыз болуп калганын да айтышкан. Токторбаев жыйынтыгында Ош шаарындагы мектептерге 10 миң парта, отургуч сатып алынарын айтты. Ал тиешелүү кызматкерлерге арзанына качырбай, алардын сапаттууларын алууну тапшырды.
17-августтан 24-августка чейин Болгарияда U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Сегиз күнгө созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат. Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.
Россия президенти Владимир Путин Аляскада Америка лидери Дональд Трамп менен украин маселеси боюнча жолугуп сүйлөшкөндө мурдагы позицияларынан эч кандай баш тарткан жок, андан сырткары, талаптарын да жеңилдеткен жок. Бул туурасында РИА Новостиге саясат таануучу, Түркиянын Москвадагы мурдагы соода өкүлү Айдын Сезерге айтып берген. "Путин Россиянын Украина боюнча позициясына байланыштуу эч кандай жеңилдикке барган жок. АКШнын басым-кысымына карабастан, айрыкча, Европа биримдиги менен Украина бир айлык ок атышууну токтотууга жетише алган жок. Бул Россиянын жеңиши катары каралса болот", — деп белгиледи эксперт. Анын пикиринде, жолугушуудан кийин лидерлердин маалымат жыйыны өткөнү жана жолугушуунун болушу эле оң жыйынтык болуп эсептелет. Эксперт мындай бир эле иш-чарадан кийин согуштук кырдаал толук жөнгө салынат деп күтүүнүн өзү негизсиз экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0