https://sputnik.kg/20250815/1095901847.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келген ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларын жана ЕЭКтин коллегия төрагасын кабыл алды. Бул... 15.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-15T15:00+0600
2025-08-15T15:00+0600
2025-08-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0f/1095901715_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7b30fca93b9c3c18617efd23fd4c3cf1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келген ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларын жана ЕЭКтин коллегия төрагасын кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда интеграциялык өз ара кызматташуу, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү жана ЕАЭБге өнөктөш өлкөлөр менен ишти күчөтүү маселелери талкууланган. Жапаров Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык биримдигине катышуу тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Президент Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгон 10 жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтолгон. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДПсы 1,5 триллион сомго жетип, 2015-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө 1,5 эсеге өскөн. "Кыргызстан биримдикке мүчөлүгүнүн бардык артыкчылыктарын сезди. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү, аймактык өнөктөштөр жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтык өнүгүүдө", — деген мамлекет башчы. Жолугушууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьерлери Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы, меймандостугу үчүн ыраазылык билдирип, Кыргызстанга мындан аркы гүлдөп-өсүүнү каалашкан. Алар Кыргызстандын экономикалык өсүшүн, ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы соода кызматташтыктын кеңейишин белгилешкен. Эки тараптуу негизде жана Евразия экономикалык интеграциясынын алкагында мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыктарын билдиришкен.
ЕАЭБдеги байкоочулук статус кандай пайда бергенин Өзбекстандын премьер-министри айтып берди. Абдулла Арипов Чолпон-Атада өтүп жаткан ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. "Өзбекстан төрт жылдан бери байкоочу өлкө статусунда, андан бери биримдиктеги мамлекеттер менен товар алмашуусун 80 пайызга көбөйттү. Былтыр көрсөткүч 18 миллиард долларды түзгөн", — деди ал. Отурумга байкоочу өлкө катары Өзбекстандан тышкары Куба жана Иран мамлекеттеринин өкүлдөрү келишкен.
АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанда катталган Grinex криптовалюталык биржасына санкция салды. Бул тууралуу мекеменин сайтына чыккан маалыматта айтылат. Анда Grinex платформасы Кыргызстанда жана Россия Федерациясында катталганы, Россиянын Garantex криптобиржасынын мураскери экени белгиленген. "Garantex криптобиржасы киберкылмышкерлерге түздөн-түз көмөктөшүп, 2019-жылдан бери мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп 100 миллион доллардан ашык транзакцияларды иштеп чыккан. АКШнын Финансы министрлиги аны 2022-жылдын апрель айында санкциялык тизмеге киргизген. Grinex ошол россиялык криптобиржанын мураскери. Аны чектөө чараларынан качуу үчүн Garantex биржасынын кызматкерлери түзгөн", — деп билдирет мекеме.
Бүгүн, 15-августта жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. Алар 5 дрон менен издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган көпүрөдөн оор жүк ташуучу унаа Нарын суусуна түшүп кеткен.
Президент Садыр Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келген ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларын жана ЕЭКтин коллегия төрагасын кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда интеграциялык өз ара кызматташуу, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү жана ЕАЭБге өнөктөш өлкөлөр менен ишти күчөтүү маселелери талкууланган. Жапаров Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык биримдигине катышуу тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Президент Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгон 10 жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтолгон. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДПсы 1,5 триллион сомго жетип, 2015-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө 1,5 эсеге өскөн. "Кыргызстан биримдикке мүчөлүгүнүн бардык артыкчылыктарын сезди. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү, аймактык өнөктөштөр жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтык өнүгүүдө", — деген мамлекет башчы. Жолугушууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьерлери Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы, меймандостугу үчүн ыраазылык билдирип, Кыргызстанга мындан аркы гүлдөп-өсүүнү каалашкан. Алар Кыргызстандын экономикалык өсүшүн, ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы соода кызматташтыктын кеңейишин белгилешкен. Эки тараптуу негизде жана Евразия экономикалык интеграциясынын алкагында мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыктарын билдиришкен.ЕАЭБдеги байкоочулук статус кандай пайда бергенин Өзбекстандын премьер-министри айтып берди. Абдулла Арипов Чолпон-Атада өтүп жаткан ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. "Өзбекстан төрт жылдан бери байкоочу өлкө статусунда, андан бери биримдиктеги мамлекеттер менен товар алмашуусун 80 пайызга көбөйттү. Былтыр көрсөткүч 18 миллиард долларды түзгөн", — деди ал. Отурумга байкоочу өлкө катары Өзбекстандан тышкары Куба жана Иран мамлекеттеринин өкүлдөрү келишкен.АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанда катталган Grinex криптовалюталык биржасына санкция салды. Бул тууралуу мекеменин сайтына чыккан маалыматта айтылат. Анда Grinex платформасы Кыргызстанда жана Россия Федерациясында катталганы, Россиянын Garantex криптобиржасынын мураскери экени белгиленген. "Garantex криптобиржасы киберкылмышкерлерге түздөн-түз көмөктөшүп, 2019-жылдан бери мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп 100 миллион доллардан ашык транзакцияларды иштеп чыккан. АКШнын Финансы министрлиги аны 2022-жылдын апрель айында санкциялык тизмеге киргизген. Grinex ошол россиялык криптобиржанын мураскери. Аны чектөө чараларынан качуу үчүн Garantex биржасынын кызматкерлери түзгөн", — деп билдирет мекеме. Бүгүн, 15-августта жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. Алар 5 дрон менен издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган көпүрөдөн оор жүк ташуучу унаа Нарын суусуна түшүп кеткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0f/1095901715_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6f1447b19ab295c50c6dccae918e8c34.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио