https://sputnik.kg/20250813/soodadan-birgeleshken-ondurush-chynzhyrlaryna-otuu-kerek-1095852834.html
Новиков ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне керектигин айтты
Новиков ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне керектигин айтты
Sputnik Кыргызстан
БОСТЕРИ, 13-авг. — Sputnik. Сооданы азайтып, машина куруу, фармацевтика жана химия тармактарындагы биргелешкен өндүрүш чынжырларына өтүү керек. Бул тууралуу... 13.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-13T18:07+0600
2025-08-13T18:07+0600
2025-08-13T18:07+0600
кыргызстан
ысык-көл
бостери
еаэб
форум
интеграция
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0d/1095853026_0:133:2560:1573_1920x0_80_0_0_94d717b33a0319d59184bf2f7d92affa.png
БОСТЕРИ, 13-авг. — Sputnik. Сооданы азайтып, машина куруу, фармацевтика жана химия тармактарындагы биргелешкен өндүрүш чынжырларына өтүү керек. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, көйгөйлөр жана келечек" аталышындагы конференцияда айтты. Ал ар тармактагы өндүрүш класстерлерин көбөйтүү сырттан товар ташып келгендерге болгон көз карандылыкты азайтып, инвестицияларды тартууга жардам берерин белгиледи. Новиковдун айтымында, биримдик бюрократияны кыскартып, бизнеске реалдуу жардам берген жеңилдиктерди карап, билим берүүгө, академиялык мобилдүүлүккө жана жаштар долбоорлоруна инвестиция салууга тийиш. Эң ириде дары-дармек, кен казуу тармагы, өнөр жай жана башка багыттар боюнча технологиялык кызматташтыкка өз ара инвестициялар зарыл. Эске салсак, бүгүн Ысык-Көлдө VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды. Аны Экономика жана соода министрлиги, Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз экономикалык университети жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурууда. Конференцияга илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышып жатат. Биримдикке Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда кошулган.
https://sputnik.kg/20250813/yeaeb-sergey-glazev-sayasat-forum-1095850955.html
ысык-көл
бостери
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0d/1095853026_143:0:2418:1706_1920x0_80_0_0_6393496d4288c664af5b489e4576dd91.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, бостери, еаэб, форум, интеграция
кыргызстан, ысык-көл, бостери, еаэб, форум, интеграция
БОСТЕРИ, 13-авг. — Sputnik. Сооданы азайтып, машина куруу, фармацевтика жана химия тармактарындагы биргелешкен өндүрүш чынжырларына өтүү керек. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, көйгөйлөр жана келечек" аталышындагы конференцияда айтты.
Ал ар тармактагы өндүрүш класстерлерин көбөйтүү сырттан товар ташып келгендерге болгон көз карандылыкты азайтып, инвестицияларды тартууга жардам берерин белгиледи.
Новиковдун айтымында, биримдик бюрократияны кыскартып, бизнеске реалдуу жардам берген жеңилдиктерди карап, билим берүүгө, академиялык мобилдүүлүккө жана жаштар долбоорлоруна инвестиция салууга тийиш. Эң ириде дары-дармек, кен казуу тармагы, өнөр жай жана башка багыттар боюнча технологиялык кызматташтыкка өз ара инвестициялар зарыл.
"Анын ичинде бирдиктүү жана көз карандысыз санариптик инфраструктураны түзүү керек. Илимий изилдөөлөрдү жана конструктордук ойлоп табууларды көбөйтүп, аларды интеграциянын алкагында колдонуу учур талабы", — деди РКӨФ төрагасы.
Эске салсак, бүгүн Ысык-Көлдө VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды. Аны Экономика жана соода министрлиги, Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз экономикалык университети жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурууда. Конференцияга илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышып жатат.
Биримдикке Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда кошулган.