00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Санкт-Петербурда КМШнын ички иштер министрлери аймактагы коопсуздукту камсыз кылууну талкуулашууда. Бул тууралуу ИИМинин маалымат кызматынан кабарлашты. Күн тартибине кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу, эксперттик-криминалисттик ишти өркүндөтүү, жол коопсуздугун жогорулатуу, деструктивдүү элементтерге каршы чараларды көрүү, мамлекеттер аралык издөө жана маалымат базасын түзүү маселелери кирди. Маалыматка ылайык, уюмдун ИИМ башчыларынын кеңешинин 51-отурумуна Кыргызстандын делегациясын ички иштер министри Улан Ниязбеков жетектөөдө. "Ал өлкөлөр ортосундагы маалымат алмашууну өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи. Министр трансулуттук кылмыштуулукка жана жаңы коркунучтарга, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга биргеликте каршы турууга болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Сапардын алкагында делегация башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, Санкт-Петербургдун Пискарёв мемориалдык көрүстөнүндө "Мекен-Эне" монументине гүлчамбар коюшту.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Документ санариптик технологиялар, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун куруу, булут чечимдерин, жасалма интеллектини жана өнөр жай интернетин киргизүү багыттарында кызматташууну өнүктүрүү ниетин бекемдейт. "Министр Азамат Жамангулов жолугушууда Кыргызстан Кытайдын санариптик трансформация тажрыйбасын кызыгуу менен изилдеп, мыкты моделдерди улуттук шарттарга ылайыкташтырууга даяр экенин белгиледи. Өзгөчө көңүл өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын стратегиялык элементи болуп, Борбор Азиядагы аймактык хабга айлана турган маалыматтарды иштеп чыгуу борборун куруу долбооруна бурулду", — деп айтылат кабарда.
Милиция бөлүмүндөгү 25 жаштагы кишинин өлүмү боюнча "Бийлигинен аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине ылайык, кызмат адамдары бийлигинен аша чаап, саламаттыкка оор залал келтирген деген кине коюлуп жатканы айтылат. "Кылмышты тергөө УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына өттү. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бардык тергөө амалдарын прокуратура көзөмөлдөйт", — деп айтылат кабарда. Кырсык 10-августка караган түнү болгон. Ишенимдүү булактардын айтымында, милиция кызматкерлерине "Ош" базарынын соодагерлери кайрылып, ары-бери өткөндөрдү кубалап, товарларды ыргытып жаткан жаранга карата чара көрүүнү суранышкан. Ызы-чуу салган 25 жаштагы киши Ленин райондук милициясына жеткирилген соң 15 мүнөт өтүп-өтпөй көз жумган.
ӨКМ Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрөрүн эскертти Маалыматка ылайык, 14-августтан 15-августка чейин нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө. ӨКМ бул күндөрү тоолордо, дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болууга, арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0