https://sputnik.kg/20250810/rossiya-ukraina-aksh-sogush-sujloshuu-1095795121.html
ЖМК: Европа менен Украина АКШдан коопсуздук кепилдигин талап кылууда
ЖМК: Европа менен Украина АКШдан коопсуздук кепилдигин талап кылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Европа менен Киев Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча алдыда түзүлө турган келишимдин алкагында АКШдан коопсуздук кепилдигин жана... 10.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-10T12:51+0600
2025-08-10T12:51+0600
2025-08-11T17:15+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
согуш
сүйлөшүү
европа
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/103203/65/1032036518_0:0:2350:1322_1920x0_80_0_0_f4a5617e3d7518f86315f9bc42b96068.jpg
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Европа менен Киев Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча алдыда түзүлө турган келишимдин алкагында АКШдан коопсуздук кепилдигин жана өлкөнүн НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн сактоону талап кылууда. Бул тууралуу New York Times жазды.Басылма менен баарлашкан адамдын маалыматтары боюнча, АКШдан европалык союздаштары учурда максатка ылайыктуу келбесе дагы Украинанын НАТОго мүчө болуп кириши үчүн каалганы ачык калтырууну дагы талап кылып жатышат. Гезит бул маселелерди ишембиде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лемми Украина жана Европа өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкуулаганын белгилеген. Сүйлөшүүгө АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да катышкан."РФ лидери менен жолуккан Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф да бул талкууга виртаулдык форматта кошулушу керек болчу", — деп кошумчаланган маалыматта.Европадагы талкуулар тууралуу дагы эмнелер белгилүү?Буга чейин Axios порталы жазгандай, ишембидеги сүйлөшүүлөрдө Украина жана Европа өкүлдөрү Вэнске биринчи кезекте атышуу токтоп, ал эми Киев элдешүүгө жерлерин алмашпашы керектигин билдиришкен.New York Times гезити Европа өлкөлөрү Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп өз ара келишим түзүп алышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышканын жазган. Алар эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна Зеленскийдин катышуусун каалап жатышат. Мындан тышкары, басылма европалыктар сүйлөшүү процесстерине да катышсак деп турганын, бирок ыктымалдуулугу төмөн экенин белгилеген.Россия жана АКШ саммитиКремль менен Ак үй ишембиге караган түнү Россия менен АКШ лидерлери Аляскада 15-августта жолугуша турушканын билдиришти.Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп Украинадагы жаңжалды биротоло токтотууга жетишүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашат.Америка лидери менен Россия президентинин жолугушуусу болору тууралуу маалыматтар жарыяланган соң Владимир Зеленский жерлерди берүүгө макул болбой турганын билдирди.
https://sputnik.kg/20250808/zelenskiydin-kol-zhuugan-aymaktary-boyuncha-pozitsiyasyn-zhmklar-zhazdy-1095780183.html
украина
акш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103203/65/1032036518_265:0:2350:1564_1920x0_80_0_0_c56dc424bb330e5d11895e902d909e2b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, согуш, сүйлөшүү, европа
дүйнөдө, россия, украина, акш, согуш, сүйлөшүү, европа
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Европа менен Киев Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча алдыда түзүлө турган келишимдин алкагында АКШдан коопсуздук кепилдигин жана өлкөнүн НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн сактоону талап кылууда. Бул тууралуу
New York Times жазды.
"Европалыктар кандай гана келишим болбосун ал коопсуздук кепилдиги менен коштолуп, ошол эле учурда АКШ тараптан да коопсуздук кепилдениши зарыл деген пикирди кармануу менен дайымкыдай эле Украинанын позициясын колдошту", — деп жазылат маалыматта.
Басылма менен баарлашкан адамдын маалыматтары боюнча, АКШдан европалык союздаштары учурда максатка ылайыктуу келбесе дагы Украинанын НАТОго мүчө болуп кириши үчүн каалганы ачык калтырууну дагы талап кылып жатышат. Гезит бул маселелерди ишембиде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лемми Украина жана Европа өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкуулаганын белгилеген. Сүйлөшүүгө АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да катышкан.
"РФ лидери менен жолуккан Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф да бул талкууга виртаулдык форматта кошулушу керек болчу", — деп кошумчаланган маалыматта.
Европадагы талкуулар тууралуу дагы эмнелер белгилүү?
Буга чейин Axios порталы жазгандай, ишембидеги сүйлөшүүлөрдө Украина жана Европа өкүлдөрү Вэнске биринчи кезекте атышуу токтоп, ал эми Киев элдешүүгө жерлерин алмашпашы керектигин билдиришкен.
New York Times гезити Европа өлкөлөрү Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп өз ара келишим түзүп алышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышканын жазган. Алар эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна Зеленскийдин катышуусун каалап жатышат. Мындан тышкары, басылма европалыктар сүйлөшүү процесстерине да катышсак деп турганын, бирок ыктымалдуулугу төмөн экенин белгилеген.
Кремль менен Ак үй ишембиге караган түнү Россия менен АКШ лидерлери Аляскада 15-августта жолугуша турушканын
билдиришти.
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп Украинадагы жаңжалды биротоло токтотууга жетишүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашат.
Америка лидери менен Россия президентинин жолугушуусу болору тууралуу маалыматтар жарыяланган соң Владимир Зеленский жерлерди берүүгө макул болбой турганын билдирди.