https://sputnik.kg/20250810/1095798589.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук... 10.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-10T15:00+0600
2025-08-10T15:00+0600
2025-08-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0a/1095798457_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1bfcfe35d4a45ae8b6cfcf8d2273cf2b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары, ал эми “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды. Токтом президенттин "Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумун модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, коомчулуктун нааразычылыгын төмөндөтүүгө жана ошондой эле мобилдик түзүлүштөрдү каттоо тартибин жөнөкөйлөтүү жана жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.
АКШдан 25 кыргызстандык жаран атайын каттам менен кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматта мекендештердин Американын миграциялык мыйзамдарын бузганы айтылат. “Депортация тартибине ылайык, мындай жарандарга АКШга барууга 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал”, — деп айтылат кабарда. ТИМ АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарын өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган. Ошондой эле АКШга барууну пландап жаткандарды жогорудагы жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактап, зарыл болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапарынын алкагында Азербайжандын премьер-министринин орун басары Самир Шарифов менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, өз ара инвестицияларды кеңейтүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Тараптар президент Садыр Жапаровдун жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин көңүл буруусунун жана саясий эркинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалог жогорку деңгээлде экенин жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп берерин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришип, эки жактуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.
Нарын облусунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалып, милицияга өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, рейд жүрүп, Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына караштуу Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар колго түшкөн. Колго түшкөндөр менен далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары, ал эми “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды. Токтом президенттин "Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумун модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, коомчулуктун нааразычылыгын төмөндөтүүгө жана ошондой эле мобилдик түзүлүштөрдү каттоо тартибин жөнөкөйлөтүү жана жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.АКШдан 25 кыргызстандык жаран атайын каттам менен кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматта мекендештердин Американын миграциялык мыйзамдарын бузганы айтылат. “Депортация тартибине ылайык, мындай жарандарга АКШга барууга 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал”, — деп айтылат кабарда. ТИМ АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарын өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган. Ошондой эле АКШга барууну пландап жаткандарды жогорудагы жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактап, зарыл болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөдү.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапарынын алкагында Азербайжандын премьер-министринин орун басары Самир Шарифов менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, өз ара инвестицияларды кеңейтүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Тараптар президент Садыр Жапаровдун жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин көңүл буруусунун жана саясий эркинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалог жогорку деңгээлде экенин жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп берерин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришип, эки жактуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.Нарын облусунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалып, милицияга өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, рейд жүрүп, Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына караштуу Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар колго түшкөн. Колго түшкөндөр менен далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0a/1095798457_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e39e35993b269623377bf67b2a9fe984.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио