00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Борбор калаада автоунаа токтотуу системасы санариптештирилет
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Комфорт и цифровые билеты: как меняются железнодорожные перевозки в КР
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Өлкөдөгү мыкты стартаптардын бири "Гидропоника" долбоору кантип түптөлгөн?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда "Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластеринин курулушуна старт берди."Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластери курулса 5 миңге жакын жумуш орду пайда болот. Өлкө башчысынын айтымында, тоо-лыжа класстери курулуп бүтсө жылына эки миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. "Бул – жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга өбөлгө болуп, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болуп калат деп ишенем", - деди ал.
Мугалимдер үчүн 27 миң 31 ноутбук аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, "Алтын Казык" ноутбуктары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган. Техниканы жөнөтүү иш-чарасына министр Догдуркүл Кендирбаева катышкан. "Ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлүп, аныкталган кемчиликтер жоюлду. Өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программа бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган", — деп айтылат маалыматта. Техника окуу жылы башталганга чейин STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылары кошумчаланды.
Тоо көчүп жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда бир тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана комуникациялар министрлигинен билдиришти.Эске салсак, 24-июлда трассанын 280-281-чакырымына таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.Кɵчкү өтө чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлеринин тобу тынымсыз иштеген. Жалпысынан141 миң куб таш көчкү тазаланганы кошумчаланды.
Кыргызстандын жоокерлери КМШ өлкөлөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндарында алдыңкы орундарды ээлеп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирдиМаалыматка караганда, Москвада 6-7-августта өткөн мушташ өнөрү боюнча финалдык мелдеште Кыргызстандын командасы экинчи орунду алды. Ок атуу боюнча жеке мелдешке чыккан прапорщик Элдос Сарыбаев 1-орунду алса, мушташ өнөрү боюнча Кубатбек Талантбеков коло медалга ээ болгон. Бүгүн офицердик жарыш жана самбо боюнча мелдештер өтүүдө. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлүүдө.
Россиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугушуу Бириккен Араб Эмираттарында өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал мындай билдирүүнү Кремлде БАЭнин президенти Мухаммед Бен Заид Аль Нахайян менен жолугушкандан кийин жасады. "Бизде ушундай иш-чараларды уюштурууга жардам берүүгө даяр болгон көптөгөн досторубуз бар. Алардын бири – Бириккен Араб Эмираттарынын президенти. Менимче, бул ылайыктуу жерлердин бири болмок", — деди РФ лидери. Андан тышкары, Путин жалпысынан Зеленский менен жолугушууга каршы эместигин, бирок мындай сүйлөшүүлөр үчүн шарттар түзүлүшү керектигин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0