https://sputnik.kg/20250806/1095741077.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусундагы Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландалууда. Бул... 06.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-06T19:00+0600
2025-08-06T19:00+0600
2025-08-06T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/06/1095740945_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6eebe5d8927732076cd3d6e806d2e8b0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусундагы Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, бүгүн, 6-августта, президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоору кандайча ишке ашырылып жатканын көрдү. Өлкө башчыга курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымат берген. "Долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станция куруу каралган. Ошондой эле объектини натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар бекитилип, 12 насостук станция куруу пландалган. Ал эми эки ири насостук станциянын курулушу башталды", — деп айтылат маалыматта. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында China Road компаниясы менен саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, "Алкаташ" компаниясы менен башкы жана ортоңку канализациялык насостук станцияларды куруу, 5,9 чакырымдык канализациялык коллекторлорду төшөө боюнча келишимге кол коюлганы эске салынды. Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.
Өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейддик иш-чара 23-июлда башталган, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 82 млн 753 миң 500 сом айып салынды. Оор жана коопту жүктөрдү ташуучу унааларды текшерүү рейддик иш-чарасы мындан ары да улантылат.
Москвада Россия президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр болжол менен үч саатка созулган. Жолугушууга Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев да катышкан. Стивен Уиткофф Москвага 6-август күнү келген. Бул — анын быйылкы жылы Россияга жасаган бешинчи сапары.АКШнын Мамлекеттик департаменти жолугушуунун жыйынтыгы боюнча комментарий берген жок. Бирок алар президент Дональд Трамп Украинадагы кагылышууларды дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганын белгилешти.Белгилей кетсек, Трамп буга чейин Россияга ультиматум коюп, белгилүү мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, Москва менен кызматташкан өлкөлөргө санкциялар жана кошумча салыктар киргизерин билдирген.
Ысык-Көл облусундагы Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, бүгүн, 6-августта, президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоору кандайча ишке ашырылып жатканын көрдү. Өлкө башчыга курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымат берген. "Долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станция куруу каралган. Ошондой эле объектини натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар бекитилип, 12 насостук станция куруу пландалган. Ал эми эки ири насостук станциянын курулушу башталды", — деп айтылат маалыматта. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында China Road компаниясы менен саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, "Алкаташ" компаниясы менен башкы жана ортоңку канализациялык насостук станцияларды куруу, 5,9 чакырымдык канализациялык коллекторлорду төшөө боюнча келишимге кол коюлганы эске салынды. Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.Өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейддик иш-чара 23-июлда башталган, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 82 млн 753 миң 500 сом айып салынды. Оор жана коопту жүктөрдү ташуучу унааларды текшерүү рейддик иш-чарасы мындан ары да улантылат.Москвада Россия президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр болжол менен үч саатка созулган. Жолугушууга Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев да катышкан. Стивен Уиткофф Москвага 6-август күнү келген. Бул — анын быйылкы жылы Россияга жасаган бешинчи сапары.АКШнын Мамлекеттик департаменти жолугушуунун жыйынтыгы боюнча комментарий берген жок. Бирок алар президент Дональд Трамп Украинадагы кагылышууларды дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганын белгилешти.Белгилей кетсек, Трамп буга чейин Россияга ультиматум коюп, белгилүү мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, Москва менен кызматташкан өлкөлөргө санкциялар жана кошумча салыктар киргизерин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/06/1095740945_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c736b2df4efbbf1afbe7a2c89e2aaa69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио