https://sputnik.kg/20250806/1095738455.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өкмөттүн жер... 06.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-06T17:00+0600
2025-08-06T17:00+0600
2025-08-06T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/06/1095738323_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5907329a5b8fc21b17920440b5ec27b2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өкмөттүн жер амнистиясынын алкагында 37 миң 27 арыздан 21 миң 780и жактырылган. "Көк-Жар аймагындагы №172 контурда негизинен коммерциялык жана турак жайга кирбеген курулуштар бузулууда. Кечээ шаар кызматтары тарабынан эмерек цехи, картинг аянтчасы, пескоблок чыгаруучу цех, ашкана менен дүкөндүн кире бериш бөлүктөрү, автосервис, ангар жана башка курулуштар буздурулду. Ал эми турак жайы барларга жер тилкесин белгиленген багытка ылайыкташтыруу үчүн мөөнөт берилүүдө", — деп жазылган маалыматта. Аталган контурда жалпысынан 1 089 жер тилкесинен 209унда гана үйлөр курулганы кошумчаланды. Ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе курулган эмес. Эске салсак, аталган аймакта кечээтен бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Бүгүн жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду тосуп алышкан. Айрымдарын милиция кармап кеткен.
Кыргызстан менен Россиянын улуттук билим берүү системаларынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталган биргелешкен лаборатория түзүү зарыл. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү министрлигине караштуу институттун жетекчиси Максим Костенко билдирди. Ал "Евразиялык билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: Россия жана Кыргызстанда биринчи кадам" аталышындагы билим берүү сессиясына катышты. Костенконун айтымында, бирдиктүү билим берүү мейкиндиги үчүн биринчи кезекте мектептердин билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү, ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашуунун түрлөрүн өнүктүрүү зарыл. "Россия менен Кыргызстандын билим берүү системасы активдүү өнүгүүдө. Ошондуктан адистердин ортосунда билим берүүнүн сапатынан баштап окуу мазмунун жаңылоого чейин тажрыйба алмашуу зарыл. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн мектеп жана кесиптик окуу жайларын бүтүргөн жаштары эмгек рыногунда өзүн эркин сезиши үчүн керек, — деди ал. Ошондой эле ал мектеп программаларынын мазмунун шайкеш келтирүү маанилүү милдет экенин белгиледи.
ЕАЭБ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга акча каражатынын келип түшүүсү боюнча маалымат: 2021-жыл — 89 миллион доллар; 2022-жыл — 173 миллион 200 мин доллар; 2023-жыл — 183 миллион 900 мин доллар; 2024-жыл — 263 миллион 600 мин доллар. Инвестициянын көбү Россиядан келет. Мисалы, былтыр аталган өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү дээрлик 162 миллион долларды түзгөн.
Кыргызстандык Дурусбек Эрнусбек уулу Эверестти көздөй велосипед менен аттанды Ал Бишкектен 24-июлда чыккан. Учурда Душанбе шаарында экенин, эртең Афганстанга жөнөй турганын билдирди. Андан ары Пакистан жана Индия аркылуу өтүп, Непалга барып токтоорун айтты. Дурусбек багыт алган база лагердин бийиктиги 5 364 метр. Ал көздөгөн жерине велосипед менен болжолдуу алганда, 3 айда, тагыраагы, октябрда жетерин кошумчалаган.
Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өкмөттүн жер амнистиясынын алкагында 37 миң 27 арыздан 21 миң 780и жактырылган. "Көк-Жар аймагындагы №172 контурда негизинен коммерциялык жана турак жайга кирбеген курулуштар бузулууда. Кечээ шаар кызматтары тарабынан эмерек цехи, картинг аянтчасы, пескоблок чыгаруучу цех, ашкана менен дүкөндүн кире бериш бөлүктөрү, автосервис, ангар жана башка курулуштар буздурулду. Ал эми турак жайы барларга жер тилкесин белгиленген багытка ылайыкташтыруу үчүн мөөнөт берилүүдө", — деп жазылган маалыматта. Аталган контурда жалпысынан 1 089 жер тилкесинен 209унда гана үйлөр курулганы кошумчаланды. Ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе курулган эмес. Эске салсак, аталган аймакта кечээтен бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Бүгүн жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду тосуп алышкан. Айрымдарын милиция кармап кеткен.Кыргызстан менен Россиянын улуттук билим берүү системаларынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталган биргелешкен лаборатория түзүү зарыл. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү министрлигине караштуу институттун жетекчиси Максим Костенко билдирди. Ал "Евразиялык билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: Россия жана Кыргызстанда биринчи кадам" аталышындагы билим берүү сессиясына катышты. Костенконун айтымында, бирдиктүү билим берүү мейкиндиги үчүн биринчи кезекте мектептердин билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү, ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашуунун түрлөрүн өнүктүрүү зарыл. "Россия менен Кыргызстандын билим берүү системасы активдүү өнүгүүдө. Ошондуктан адистердин ортосунда билим берүүнүн сапатынан баштап окуу мазмунун жаңылоого чейин тажрыйба алмашуу зарыл. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн мектеп жана кесиптик окуу жайларын бүтүргөн жаштары эмгек рыногунда өзүн эркин сезиши үчүн керек, — деди ал. Ошондой эле ал мектеп программаларынын мазмунун шайкеш келтирүү маанилүү милдет экенин белгиледи.ЕАЭБ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга акча каражатынын келип түшүүсү боюнча маалымат: 2021-жыл — 89 миллион доллар; 2022-жыл — 173 миллион 200 мин доллар; 2023-жыл — 183 миллион 900 мин доллар; 2024-жыл — 263 миллион 600 мин доллар. Инвестициянын көбү Россиядан келет. Мисалы, былтыр аталган өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү дээрлик 162 миллион долларды түзгөн.Кыргызстандык Дурусбек Эрнусбек уулу Эверестти көздөй велосипед менен аттанды Ал Бишкектен 24-июлда чыккан. Учурда Душанбе шаарында экенин, эртең Афганстанга жөнөй турганын билдирди. Андан ары Пакистан жана Индия аркылуу өтүп, Непалга барып токтоорун айтты. Дурусбек багыт алган база лагердин бийиктиги 5 364 метр. Ал көздөгөн жерине велосипед менен болжолдуу алганда, 3 айда, тагыраагы, октябрда жетерин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/06/1095738323_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_76d910034aeec6836822b8150cc1a5ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио