00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
WorldSkills в КР: зачем стране чемпионат по рабочим профессиям — и кто в нём участвует
08:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
09:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жайкы аллергия же поллиноз: эмнеси менен кооптуу?
11:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды: анын мааниси эмнеде?
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндарынын ачылышы болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлүүдө. Оюндарга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчу аскер кызматкерлери катышат. Алар мушташ өнөрү, самбо, гиря спорту, офицердик жарыш (тапанча менен атуу, сууда сүзүү, чуркоо) жана штаттык куралдан ок атуу боюнча күч сынашат. Кыргызстандыктар оюндардын программасынын бардык түрүнө катышат.
Россия менен Кыргызстан билим берүү жаатында бирдиктүү мейкиндик түзүү боюнча жол картасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору Сергей Малышев билдирди. Долбоор эки өлкөнүн тең эксперттеринин катышуусунда ишке ашырылып, билим берүү системаларын жакындаштыруу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгууга багытталган. Малышев билим берүү тармагындагы максаттар менен милдеттер мүмкүн болушунча дал келген бирдиктүү мейкиндикти түзүү башкы максат экенин белгиледи. "Азыр биз кыргыз эксперттеринин катышуусунда конкреттүү аракеттердин планын иштеп чыгуучу жол картасын түзүп жатабыз. Биздин максат – жөн гана системаларды жакындаштыруу эмес, чыныгы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү", — деди ал. Малышев Советтер Союзунан калган евразиялык билим берүү мейкиндиги эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн дагы деле негиз болуп кызмат кылып жатканын кошумчалады.
Баткен мамлекеттик университетинен жана ага караган институт, колледждерден 2 170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнөштөрдү аныктоо боюнча текшерүүдөн кийин кабыл алынган. Тизме: Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинен — 570; Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунан — 801; Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунан — 380; Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан — 171; БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледжден — 234; Мындан тышкары БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжинен 14 студент окуудан чыгарылган.
Израилдин Газа тилкесин оккупациялап алуу ыктымалдыгы израиль өкмөтүнүн чечимине байланыштуу болот. Бул туурасында АКШнын президенти Дональд Трамптын айтканын РИА Новости жазды. "Бул көп жерден Израилге байланыштуу боло турган нерсе", — деди ал журналисттерге. Ак үйдүн кожоюну учурда азапта калган, азык-түлүккө муктаж болуп турган палестиндерге тамак-аш жеткирүү маселесине "өзү да" көңүл буруп жатканын айткан. Шейшемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы алардын армиясы өкмөттүн Газага байланыштуу мындан аркы каалаган чечимин аткарууга даяр экенин билдирди.Дүйшөмбүдө Израилдин 12-каналы өкмөттөгү маалымат булагына шилтеме берип, Израиль Газа тилкесин басып алууну чечкени кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0