00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:56
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Госуслуги без очередей: что дала Кыргызстану дебюрократизация
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарбасында санариптештирүү саясаты кандай жүрүүдө — онлайн кызматтар, Агро-портал, IT-инфратүзүм
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
10 дней вместо 14: что даст новый закон об обращениях в госорганы
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Заманбап мугалим» программасы: аймактардагы 12 мектепте 46 мугалим иш алып барууда
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Сколько будет стоить альтернативная служба и кого коснутся изменения
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
18,5 млн. сом сарпталат — №13 шайлоо окруry боюнча кайра шайлоого даярдык кандай жүрүүдө?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Леонид Слуцкий Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондy Лев Толстой атындагы эл аралык Тынчтык сыйлыгына көрсөттү.Бул сунуш 2025-жылдын 31-мартында Худжанд шаарында үч мамлекет башчысынын жолугушуусунда кол коюлган тарыхый документтерге байланыштуу жасалды. Аталган жолугушууда өлкө лидерлери чек ара маселелери боюнча келишимге жана "Түбөлүк достук" декларациясына кол коюшкан.Сыйлык тынчтыкты чыңдоого, коопсуздукту камсыз кылууга жана адам укуктарын коргоого кошкон салым үчүн берилет. Жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн калыстар аныктайт.
Кыргызстан финансы системасын санариптештирүү жагынан ЕАЭБ өлкөлөрүн артта калтырды. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуевдин айтымында, учурда көптөгөн мамлекеттерде QR-код менен төлөм жүргүзүү системасы ишке кире элек. "Кыргызстанда бул ыкма кеңири колдонулуп калган. Биз көп учурда чет элдик өнөктөштөргө анын кантип иштээрин түшүндүрүп жатабыз", — деди Букуев. Ошондой эле ал альянстын алкагында эксперттик топтор иштеп, терминдерге чейин шейкеш келтирүү боюнча иштеп жатканын кошумчалады.
Бишкектин Көк-Жар айылынын жашоочулары жол тосуп, президент менен жолугушууну талап кылышууда.Кечээтен бери аталган конуштагы 172-контурдун жашоочуларынын турак жайлары түрттүрүлүп жаткан. Мэрия бул жер айыл чарба багытында болгондуктан, курулуштар мыйзамсыз салынып калганын билдирүүдө. 120дай киши айылдагы ички жолду жаап, аларды милиция кармап кетүүдө.
Чүй облусунда 50 гектар жерге Disneyland курулат. Бул тууралуу Туризмди колдоо фондунан кабарлашты. Долбоордун өнөктөшү АКШнын IdeAttack, Inc. компаниясы экени айтылды. Долбоорго ылайык, Токмокто жайгаша турган паркта Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы; "Манас" эпосуна негизделген аттракциондор; Улуу Жибек Жолунун кербен жолдорун чагылдырган аймактар; улуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор уюштурулат: Ошондой эле боз үй жасоо, кийиз өнөрү, ат үстүндө жүрүү жана салттуу ашкананы үйрөтүүчү мастер-класстарды камтыйт. Долбоорго жер тилкеси бөлүнгөнү кошумчаланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүн украин чатагынан алып чыгып кетүү туурасында ойлонуп жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул — Байдендин эмес, менин согушум. Мамлекетти алып чыгып кетүү үчүн ушул жердемин", — деген ал Ак үйдө журналисттер менен сүйлөшүп жатканда. Трамптын айтымында, Американын администрациясы жан үрөп иштеп жатат, Ак үйдүн башчысы өзү да Украинанын айланасындагы кырдаалды чечүү аракетинде. Ал ошондой эле журналисттердин Москвага карата салынышы ыктымал болгон санкциялар туурасындагы суроосуна жооп берип жатып чечимди Россия менен АКШнын шершемби күндөн кийинки жолугушуусунан соң кабыл аларын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0