https://sputnik.kg/20250805/kyrgyzstanda-zher-titirep-zhalal-abadda-ujlor-zhabyrkady-1095722620.html
Кыргызстанда жер титиреп, Жалал-Абадда үйлөрдөн жарака кетти. Видео
Кыргызстанда жер титиреп, Жалал-Абадда үйлөрдөн жарака кетти. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн саат 19:44тө очогундагы күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди. 05.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-05T22:14+0600
2025-08-05T22:14+0600
2025-08-06T09:33+0600
кыргызстан
жалал-абад
жер титирөө
майлуу-суу
өкм
https://sputnik.kg/img/101386/53/1013865332_0:0:3600:2026_1920x0_80_0_0_c16226f420ed1b674759f3a9045c3a73.jpg
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн саат 19:44тө очогундагы күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, Токтогул шаарынан 63 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.Жер титирөөнүн күчү Майлуу-Суу шаарында 5 баллга, Жалал-Абадда 4 баллга, Токтогулда 3,5 баллга, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.ӨКМ жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан эки турак үйдүн, Сузакта Кыз-Көл айыл аймагындагы мектептин спорт залынын дубалдарынан жарака кеткенин белгиледи.Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук башкармалыгына "айгай" жарыяланды.Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүүгө ыкчам топ тартылганы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250803/kamchatka-zher-titir-vulkan-zharatylysh-1095681513.html
жалал-абад
майлуу-суу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101386/53/1013865332_0:0:3200:2400_1920x0_80_0_0_7c4ff3ad586dae66a69ef6620aed6080.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, жер титирөө, майлуу-суу, өкм
кыргызстан, жалал-абад, жер титирөө, майлуу-суу, өкм
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн саат 19:44тө очогундагы күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.
Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, Токтогул шаарынан 63 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Майлуу-Суу шаарында 5 баллга, Жалал-Абадда 4 баллга, Токтогулда 3,5 баллга, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан эки турак үйдүн, Сузакта Кыз-Көл айыл аймагындагы мектептин спорт залынын дубалдарынан жарака кеткенин белгиледи.
Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук башкармалыгына "айгай" жарыяланды.
Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүүгө ыкчам топ тартылганы кошумчаланды.