https://sputnik.kg/20250804/rossiyada-zhashaym-degen-batyshtyktardyn-sany-oso-bashtady-1095699146.html
ЖМК: Россияда жашайм деген батыштыктардын саны өсө баштады
ЖМК: Россияда жашайм деген батыштыктардын саны өсө баштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россияга салттуу баалуулуктарга кызыгып, баш койгон чет элдиктер көбүрөөк көчүп келе баштады. Бул туурасында Sputnik Ближнее... 04.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-04T20:07+0600
2025-08-04T20:07+0600
2025-08-04T20:07+0600
дүйнөдө
россия
батыш
виза
салттуу билим
баалуулук
убактылуу
жашоо
https://sputnik.kg/img/07e9/08/04/1095698891_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_ebdb07ffb926bfdd8405aaa0f05df222.jpg
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россияга салттуу баалуулуктарга кызыгып, баш койгон чет элдиктер көбүрөөк көчүп келе баштады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье швейцариялык Tages Anzeiger басылмасына таянып жазды.Убактылуу жашап турууга мүмкүнчүлүк берген визага арыз таштагандардын башында Германия турат, сандар менен алсак, 224 адам кайрылган. Андан кийин латвиялыктар (126), америкалыктар (99) арыз берген. Июнь айына карата алсак, салттуу баалуулуктарга кызыккан 1 156 киши Россияда убактылуу жашап туруу үчүн арыз таштаган. Tages-Anzeiger басылмасы жазгандай, бул программага кызыккандар — Батыштагы либералдык демократиядан өзүн обочо сезген консервативдүү адамдар. Россияга көчүп келүүгө жардам берген компаниянын жетекчиси Илья Белобрагин басылмага алар кийинки өзгөрүүлөрдөн соң "өз өлкөлөрүн тааный албай калгандар" жана "Батышка ишенимин жоготкондор" экендигин айтып берген. Компания ай сайын жүздөгөн кайрылуу, арыздарды алып турарын жана Батыштан баш тарткандардын саны өсүп жаткандыгын белгилеген. Россия мындай визаларды 2024-жылдын 1-сентябрында бере баштаган. Анда чет өлкөлүк жарандар, өз өлкөсүнүн саясатына макул эместер туурасында айтылган. Документке ылайык, алар Россияда убактылуу жашоого уруксат ала алышат. Анда өкмөттүн бекиткен квотасы жана орус тилин билүү, өлкөнүн тарыхы менен мыйзамдарынын негиздерин билгенин тастыктаган документ талап кылынбайт.
https://sputnik.kg/20230603/aksh-lgbt-mushtash-1075918339.html
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/04/1095698891_307:0:3038:2048_1920x0_80_0_0_5c88709947e0786ccf25266e48d63080.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, батыш, виза, салттуу билим, баалуулук, убактылуу, жашоо
дүйнөдө, россия, батыш, виза, салттуу билим, баалуулук, убактылуу, жашоо
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россияга салттуу баалуулуктарга кызыгып, баш койгон чет элдиктер көбүрөөк көчүп келе баштады. Бул туурасында
Sputnik Ближнее зарубежье швейцариялык Tages Anzeiger басылмасына таянып жазды.
Убактылуу жашап турууга мүмкүнчүлүк берген визага арыз таштагандардын башында Германия турат, сандар менен алсак, 224 адам кайрылган. Андан кийин латвиялыктар (126), америкалыктар (99) арыз берген. Июнь айына карата алсак, салттуу баалуулуктарга кызыккан 1 156 киши Россияда убактылуу жашап туруу үчүн арыз таштаган.
Tages-Anzeiger басылмасы жазгандай, бул программага кызыккандар — Батыштагы либералдык демократиядан өзүн обочо сезген консервативдүү адамдар.
Россияга көчүп келүүгө жардам берген компаниянын жетекчиси Илья Белобрагин басылмага алар кийинки өзгөрүүлөрдөн соң "өз өлкөлөрүн тааный албай калгандар" жана "Батышка ишенимин жоготкондор" экендигин айтып берген. Компания ай сайын жүздөгөн кайрылуу, арыздарды алып турарын жана Батыштан баш тарткандардын саны өсүп жаткандыгын белгилеген.
Россия мындай визаларды 2024-жылдын 1-сентябрында бере баштаган. Анда чет өлкөлүк жарандар, өз өлкөсүнүн саясатына макул эместер туурасында айтылган. Документке ылайык, алар Россияда убактылуу жашоого уруксат ала алышат. Анда өкмөттүн бекиткен квотасы жана орус тилин билүү, өлкөнүн тарыхы менен мыйзамдарынын негиздерин билгенин тастыктаган документ талап кылынбайт.