00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен 12 жылдык билим берүүнү талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорундагы жана Каракол шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөн бул жолугушууга райондун акими Эрмек Бахавадинов, айыл өкмөт башчылары жана башка жергиликтүү жетекчилер да катышты. Жолугушууда 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланышкан маселелерге басым жасалды. Катышуучулар тарабынан башка актуалдуу маселелер да көтөрүлүп, талкууланган.
Ысык-Көлдө глобалдык трансформация шарттарында элдердин музыкалык жана маданий мурастарын сактоо, изилдөө иштери талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Билдирмеге караганда, «Рух Санат» фестивалынын алкагында «Салттуу маданият жана искусство: сактоо жана өнүктүрүү маселелери» темасындагы эл аралык илимий жыйын өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, конгресске дүйнөнүн 20 мамлекетинен 80ден ашык окумуштуу жана эксперттер катышты. Тактап айтканда Россия, Венгрия, Тажикстан, Өзбекстан, Алтай Республикасы, Казакстан, Нидерланды, АКШ, Испания, Түштүк Корея жана Чили өлкөлөрүнөн адисттер келген. Эки күнгө созулган иш-чарада жалпы 80 илимий баяндама жасалган.
2025-жылдын алгачкы үч айында кыргызстандыктар накталай эмес жол менен такси кызматына дээрлик 1,3 миллион жолу төлөм жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. Бул сапарлардын жалпы суммасы 7 миллиард 480 миллион сомду түзгөн. Өткөн жылы ушул эле мезгилине салыштырсак накталай эмес төлөм аркылуу 821 миң буйрутма орун алып, ага 5,3 миллиард сом төлөнгөн.
Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф дем алыш күндөрү Москвада экенин АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Украинанын аймагындагы жаңжалды жөнгө салууда жылыш болот деген үмүттө. “Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф ушул дем алышта Москвада жүргөнүн билем. Анын сапары жылыш жасайт деп үмүттөнөм”, — деген Уитакер телеканалдардын бирине курган маегинде. Буга чейин Дональд Трамп Уиткофф жакын арада Россияга барарын билдирген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 75 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 4-августка караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +28…+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0