00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
40 лет аварии на Чернобыльской АЭС: как сегодня живут ликвидаторы из КР
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
09:05
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Наука против преступности: российский криминалист - о профессии и её будущем
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алты жылда товардык балык өндүрүшү 7 эсеге өстү. Кыргызстан балык экспорттоочу өлкөгө айлана алабы?
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат — кантип токтотобуз?
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн алыскы Эңилчек айылына барып, жергиликтүү эл менен жолукту. Бул туурасында маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчы менен кошо ал жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана транспорт министри Абсаттар Сыргабаев да барган. Жапаров жол салынып, ашуунун астынан өткөн 10 чакырымдык тоннель куруларын айткан."Ашууга чейинки жана андан кийинки жолду быйыл баштайбыз, кийинки жылы күздө бүтүп калат. Тоннелге 2-3 жыл керек болот", — деди Жапаров. Мындан тышкары, айылдыктар окуучу балдарына Караколдон үй менен камсыз кылууну өтүнүштү. Анткени Эңилчек айылында 9-класска чейин эле окутат, балдар андан ары Каракол шаарындагы мектептерде билимин улантат. Жапаров бул өтүнүчкө мамлекеттик ипотекадан кезеги менен үй берилерин айтты. Учурда ал жерде 35 түтүн жашайт. Эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.
Бишкекте инсульт алган карыяны жаңы ыкма менен дарылап, бейтап 5 мүнөттөн кийин сүйлөй баштаган. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан кабарлашты. 27-июлда Тез жардам кызматы 76 жаштагы аялды Улуттук госпиталдын Инсульт борборуна жеткирген. 40 мүнөттүн ичинде томография жасалып, альтеплаза препараты аркылуу тромболиздик терапия жүргүзүлгөн. Беш мүнөттөн кийин бейтап сүйлөп, кыймылдай баштаган. Үч күндөн кийин ал үйүнө чыгарылды. Бул Бишкекте тромболиздик терапиянын ийгиликтүү колдонулган алгачкы учуру экени айтылды. Министрлик туура диагноз коюп, бейтапты атайын мекемеге өз убагында жеткирген Тез жардам кызматынын ишине жогору баа берди.
1-июлдан 28-июлга чейин автоунаа ээлерине 38 345 жаңы полис берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан жыл башынан бери 266 миң 465 автоунаа камсыздандырылган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул көрсөткүч жарандардын жоопкерчилигинин жогорулап жатканын тастыктап турганын белгиледи. Ошондой эле уюм өз ишинде ачыктыкты, ыкчамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманарын кошумчалады.
Украинанын бийлиги согуштагы абал менен мажбурлаган мобилизацияга байланыштуу жакын арада жарандык согуш башталып кетет деп кооптонуп турат. Мындай божомолун Геостратегиялык изилдөөлөр борборунун серепчиси Лукас Лейрос жазганын РИА Новости билдирди. "Алар азыркы жаңжал маалында бардыгы бир заматта болуп кетеринен коркуп турушат", — деп айтылат маалыматта. Серепчи өлкөдө согушту токтотууну көздөгөн козголоңчу топтор күч алып, украиналык аскер комиссариаттарына жасалган чабуулдар көбөйүп жатканын билдирген. Ал Зеленскийдин чексиз бийлиги өзү менен кошо анын жанындагыларды дагы элдин каарынан сактай албастыгын эскерткен. "Бул башкаруунун ыдырашына аз эле калды окшойт", — деп жыйынтыктаган Лейрос. Соңку күндөрү интернет айдыңында украин аскерлери эркектерди күч менен микроавтобустарга сүйрөп киргизип, айрымдарын урган видеолор тарап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0