https://sputnik.kg/20250802/duynodogu-oto-maaniluu-kelishim-kantip-buzulgan-1095675328.html
Дүйнөнүн коопсуздугун сактаган өтө маанилүү келишим кантип бузулган. Видео
Дүйнөнүн коопсуздугун сактаган өтө маанилүү келишим кантип бузулган. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россия алты жыл мурда дал бүгүн Орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишиминен чыккан. 02.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-02T20:06+0600
2025-08-02T20:06+0600
2025-08-03T10:32+0600
дүйнөдө
россия
акш
владимир путин
ракета
келишим
бузуу
видео
дрсмд
https://sputnik.kg/img/07e9/08/02/1095675540_0:0:3090:1739_1920x0_80_0_0_6591e179ead843133446bd8eed14b453.jpg
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россия алты жыл мурда дал бүгүн Орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишиминен чыккан. Sputnik Ближнее зарубежье бул боюнча окурмандарга эскертти. Орто жана жакынкы ыраактагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишим (ДРСМД) эмне болгон документ? Буга 1987-жылы СССР менен АКШнын башчылары Михаил Горбачёв жана Рональд Рейган кол койгон. Анда сөз бекиткен мамлекеттер 500дөн 1000 чакырымга чейинки (кыска аралыктагы) жана 1000ден 5500 чакырымга чейинки (орто аралыктагы) ракеталарды учурбоо милдетин алган. Ошондой эле мурда жасалгандарын жок кылууга макулдашкан. Бул кадам дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого жана өзөктүк согуш коркунучун азайтууга багытталган болчу. Келишим кандай аткарылган? СССР ал кезде "Пионер", "Темп-С", "Ока" (бул ракеталар келишимдеги чектөөгө такыр кирбесе да) жана "Рельеф" сыяктуу 1 846 ракеталык комплексти жок кылган. АКШ Pershing жана Tomahawk ракеталарынын санын 846га чейин кыскарткан. Бүгүнкү күндө бул келишим эмне болду? 2019-жылдын январында АКШ ДРСМД келишиминен чыгып кеткен. Буга себеп катары Россиянын "шарттарды бузганын" көрсөтүшкөн. Канаттуу жаңы 9М729 "Новатор" ракетасы келишимди бузат деп айыптаган. Бирок ошол эле учурда америкалыктар 2016-жылы Tomahawk ракеталары үчүн жер үстүндөгү Mk-41 учуруучу түзүмдөрдү жасап, аларын Азия менен Европага жайгаштырат. Бул кадам келишимди каратып туруп эле бузуу катары кабыл алынат. Россия 2024-жылдын ноябрында атайын операция жүрүп жаткан аймакта орто аралыктагы жаңы "Орешник" баллистикалык ракетасын согуш шартында ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Аталган ракета гиперүнөмдүү, өзөктүк эмес (ядролук эмес) бөлүк менен жабдылган. Бул кадам АКШнын Россияга каршы агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде жасалды дешти. 2019-жылдын июлунун башында Владимир Путин аталган келишимден Россия чыга турганын маалымдаган. РФ буга чейин ДРСМД келишиминин шарттарын толугу менен аткарып жатканын бир нече ирет билдирген болчу. Ага АКШнын 2019-жылдын январында "Россия тиешелүү шарттарды сактабай" койду деп шылтоолоп, орто жана жакынкы аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден (ДРСМД) чыгышы себеп болгон. "Биздин оюбузча, АКШ 2019-жылы ойлоп табылган шылтоо менен орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жоготуу боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кетип катуу жаңылды. "Орешки" ракеталык тутумунун согуш шартындагы сыноолору — НАТОнун Россияга карата агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде өткөрүлүүдө. Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды мындан ары жайгаштыруу маселеси АКШ менен аны коштогондордун аракеттерине жараша чечилет", — деген Путин.
https://sputnik.kg/20250307/tramp-ozoktuk-kuraldan-arylsak-dejt-1092498537.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/02/1095675540_359:0:3090:2048_1920x0_80_0_0_f3411184972848d740cbfe66cc9df662.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, владимир путин, ракета, келишим, бузуу, видео, дрсмд
дүйнөдө, россия, акш, владимир путин, ракета, келишим, бузуу, видео, дрсмд
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россия алты жыл мурда дал бүгүн Орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишиминен чыккан.
Sputnik Ближнее зарубежье бул боюнча окурмандарга эскертти.
Орто жана жакынкы ыраактагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишим (ДРСМД) эмне болгон документ?
Буга 1987-жылы СССР менен АКШнын башчылары Михаил Горбачёв жана Рональд Рейган кол койгон. Анда сөз бекиткен мамлекеттер 500дөн 1000 чакырымга чейинки (кыска аралыктагы) жана 1000ден 5500 чакырымга чейинки (орто аралыктагы) ракеталарды учурбоо милдетин алган. Ошондой эле мурда жасалгандарын жок кылууга макулдашкан. Бул кадам дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого жана өзөктүк согуш коркунучун азайтууга багытталган болчу.
Келишим кандай аткарылган?
СССР ал кезде "Пионер", "Темп-С", "Ока" (бул ракеталар келишимдеги чектөөгө такыр кирбесе да) жана "Рельеф" сыяктуу 1 846 ракеталык комплексти жок кылган.
АКШ Pershing жана Tomahawk ракеталарынын санын 846га чейин кыскарткан.
Бүгүнкү күндө бул келишим эмне болду?
2019-жылдын январында АКШ ДРСМД келишиминен чыгып кеткен. Буга себеп катары Россиянын "шарттарды бузганын" көрсөтүшкөн. Канаттуу жаңы 9М729 "Новатор" ракетасы келишимди бузат деп айыптаган.
Бирок ошол эле учурда америкалыктар 2016-жылы Tomahawk ракеталары үчүн жер үстүндөгү Mk-41 учуруучу түзүмдөрдү жасап, аларын Азия менен Европага жайгаштырат. Бул кадам келишимди каратып туруп эле бузуу катары кабыл алынат.
Россия 2024-жылдын ноябрында атайын операция жүрүп жаткан аймакта орто аралыктагы жаңы "Орешник" баллистикалык ракетасын согуш шартында ийгиликтүү сыноодон өткөрдү.
Аталган ракета гиперүнөмдүү, өзөктүк эмес (ядролук эмес) бөлүк менен жабдылган. Бул кадам АКШнын Россияга каршы агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде жасалды дешти.
2019-жылдын июлунун башында Владимир Путин аталган келишимден Россия чыга турганын маалымдаган. РФ буга чейин ДРСМД келишиминин шарттарын толугу менен аткарып жатканын бир нече ирет билдирген болчу. Ага АКШнын 2019-жылдын январында "Россия тиешелүү шарттарды сактабай" койду деп шылтоолоп, орто жана жакынкы аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден (ДРСМД) чыгышы себеп болгон.
"Биздин оюбузча, АКШ 2019-жылы ойлоп табылган шылтоо менен орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жоготуу боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кетип катуу жаңылды. "Орешки" ракеталык тутумунун согуш шартындагы сыноолору — НАТОнун Россияга карата агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде өткөрүлүүдө. Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды мындан ары жайгаштыруу маселеси АКШ менен аны коштогондордун аракеттерине жараша чечилет", — деген Путин.