https://sputnik.kg/20250726/gaza-izrail-palestina-hamas-sogush-1095537309.html
Түркиянын тышкы иштер министри: Израиль Газаны бошотууну көздөөдө
Түркиянын тышкы иштер министри: Израиль Газаны бошотууну көздөөдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Израиль Газа секторундагы жашоо шартты адам чыдагыс абалга алып келүү менен анклавды бошотууну пландоодо. Бул тууралуу Түркиянын... 26.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-26T11:44+0600
2025-07-26T11:44+0600
2025-07-27T10:16+0600
дүйнөдө
газа сектору
израиль
палестина
хамас
согуш
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095535211_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_0caf4cbe7b0d8a92fb83de6227e98934.jpg
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Израиль Газа секторундагы жашоо шартты адам чыдагыс абалга алып келүү менен анклавды бошотууну пландоодо. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан айтканын РИА Новости агенттиги жазды.Маалыматка ылайык, Израиль бийлиги ушул тапта бир катар өлкөлөрдөн палестиналык качкындарды кабыл алууну талап кылууда.Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.Буга жооп кылып Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган.Ортодо анда-санда кыска убакытка элдешүүлөр менен ушул кезге чейин созулуп келе жаткан согуш Газа тилкесиндеги 59 миңден ашык палестиналыктын жана 1,5 миң Израиль жаранынын өмүрүн алды. Аскердик аракеттер Ливан менен Йеменге да өтүп, Израиль менен Ирандын ортосунда ракеталык чабуулдарды жаратты.6-июлда Дохада Израиль менен ХАМАСтын ортосунда Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүлөр кайра жанданган. ЖМКлардын жазгандары боюнча, анын биринчи раундунан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Буга чейин Египеттин ТИМ башчысы Бадр Абдель Аты араб өлкөсү башка ортомчу өлкөлөр – Катар жана АКШ менен биргеликте тилкеде 60 күнгө ок атууну токтотуунун үстүндө иштеп жатышканын айткан. Ал ошол учурда израилдик туткундарды бошотуу болжолдонуп жатканын белгилеген.
https://sputnik.kg/20250721/izrail-askerleri-gazalyktardy-gumzhardam-borborunda-olturuudo-1095431387.html
газа сектору
израиль
палестина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095535211_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_4461b08dcf28ea088db6c17d248c97d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, газа сектору, израиль, палестина, хамас, согуш
дүйнөдө, газа сектору, израиль, палестина, хамас, согуш
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Израиль Газа секторундагы жашоо шартты адам чыдагыс абалга алып келүү менен анклавды бошотууну пландоодо. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан айтканын
РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Израиль бийлиги ушул тапта бир катар өлкөлөрдөн палестиналык качкындарды кабыл алууну талап кылууда.
"Биз Израилдин геноцид саясатын көрүп жатабыз. Бир тарабынан алар Газа секторундагы инфраструктураны жок кылып, ачарчылык жаратууда, мунун кесепетинен адамдар каза болуп жатат. Экинчи жагынан израилдик чалгын кызматкерлери башка өлкөлөргө барып, айрым мамлекеттерди палестиналык качкындарды кабыл алууга көндүрүүгө аракет жасашууда. Тактап айтканда, Израиль анклавдагы жашоону татаалдаштырып, башка өлкөлөр качкындарды кабыл алабыз десе жашоочуларды ошол жакка чыгарып салууну көздөшүүдө. Ошентип Газа тилкеси палестиналыктардан бошойт. Израилде мына ушундай долбоор бар. Бул нерсени алдын алуу керек, биз тиешелүү өлкөлөр менен сүйлөшүп, эскертип жатабыз", – деген Фидан NTV телеканалына курган маегинде.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Буга жооп кылып Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган.
Ортодо анда-санда кыска убакытка элдешүүлөр менен ушул кезге чейин созулуп келе жаткан согуш Газа тилкесиндеги 59 миңден ашык палестиналыктын жана 1,5 миң Израиль жаранынын өмүрүн алды. Аскердик аракеттер Ливан менен Йеменге да өтүп, Израиль менен Ирандын ортосунда ракеталык чабуулдарды жаратты.
6-июлда Дохада Израиль менен ХАМАСтын ортосунда Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүлөр кайра жанданган. ЖМКлардын жазгандары боюнча, анын биринчи раундунан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Буга чейин Египеттин ТИМ башчысы Бадр Абдель Аты араб өлкөсү башка ортомчу өлкөлөр – Катар жана АКШ менен биргеликте тилкеде 60 күнгө ок атууну токтотуунун үстүндө иштеп жатышканын айткан. Ал ошол учурда израилдик туткундарды бошотуу болжолдонуп жатканын белгилеген.