https://sputnik.kg/20250726/1095540843.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмү боюнча эң жогорку өсүштү Кыргызстан көрсөттү. Бул тууралуу Евразия... 26.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-26T15:00+0600
2025-07-26T15:00+0600
2025-07-26T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095540711_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_375a6857586f5603aa5f0f13328957eb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмү боюнча эң жогорку өсүштү Кыргызстан көрсөттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган. Көрсөткүч 1,9 эсеге жогорулаган. Курулуш тармагындагы өсүш союздун башка өлкөлөрүндө дагы, тагыраагы, Арменияда (29%), Казакстанда (15,4%), Беларуста (12,3%) жана Россияда (5,5%) байкалган. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде курулуш иштеринин көлөмү январь-майда жалпысынан 6,8 пайызга өскөн.
Балыкчы – Бишкек маршруту боюнча каттаган поезддин терезесине дагы таш ыргытып, талкалап кетишти. Окуя кечээ, 25-июлда, түндө болгонун “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди. Бейбаштар Токмокто турган бир нече, анын ичинде VIP вагондорду да ташбараңга алышкан.“Терезелер соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынган эмес, бирок жаракалар кетти. Окуя болгон маалда вагондордо жүргүнчүлөр бар болчу”, - деп билдиришти ишканадан. Азыр чыгымдын баары эсептелип, укук коргоо органдарына таш ыргыткандарды таап берүү үчүн маалымат берилди.
Кыргызстан тоок жумурткасынын экспортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, республика Казакстанга 3 миллион 283 миң даана жумуртка жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге көп. Былтыр бул убакыт аралыгында 409 миң даана жумуртка экспорттолгон.
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Аталган рейтинг 17–20-июль күндөрү Венгрияда өткөн эл аралык турнирден кийин жаңыртылган. Турнирде ал 76 килограммга чейинки салмак даражасында күч сынашып, коло медалга ээ болгон. Турнирдин жыйынтыгында Айпери Медет кызы 5200 рейтингдик упай алып, мурда биринчи сапта турган жапониялык спортчу Юка Кагамини артта калтырды.
Израиль Газа секторундагы жашоо шартты адам чыдагыс абалга алып келүү менен анклавды бошотууну пландоодо. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Израиль бийлиги ушул тапта бир катар өлкөлөрдөн палестиналык качкындарды кабыл алууну талап кылууда. "Биз Израилдин геноцид саясатын көрүп жатабыз. Бир тарабынан алар Газа секторундагы инфраструктураны жок кылып, ачарчылык жаратууда, мунун кесепетинен адамдар каза болуп жатат. Дагы башка тарабынан израилдик чалгын кызматкерлери башка өлкөлөргө барып, айрым мамлекеттерди палестиналык качкындарды кабыл алууга көндүрүүгө аракет жасашууда. Тактап айтканда, Израиль анклавдагы жашоону татаалдаштырып, башка өлкөлөр качкындарды кабыл алабыз десе жашоочуларды ошол жакка чыгарып салууну көздөшүүдө. Ошентип Газа тилкеси палестиналыктардан бошойт. Израилде ушундай долбоор бар. Мындай нерсенин алдын алуу керек, биз тиешелүү өлкөлөр менен сүйлөшүп, эскертип жатабыз", – деген Фидан NTV телеканалына курган маегинде.
2025-жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмү боюнча эң жогорку өсүштү Кыргызстан көрсөттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган. Көрсөткүч 1,9 эсеге жогорулаган. Курулуш тармагындагы өсүш союздун башка өлкөлөрүндө дагы, тагыраагы, Арменияда (29%), Казакстанда (15,4%), Беларуста (12,3%) жана Россияда (5,5%) байкалган. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде курулуш иштеринин көлөмү январь-майда жалпысынан 6,8 пайызга өскөн.Балыкчы – Бишкек маршруту боюнча каттаган поезддин терезесине дагы таш ыргытып, талкалап кетишти. Окуя кечээ, 25-июлда, түндө болгонун “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди. Бейбаштар Токмокто турган бир нече, анын ичинде VIP вагондорду да ташбараңга алышкан.“Терезелер соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынган эмес, бирок жаракалар кетти. Окуя болгон маалда вагондордо жүргүнчүлөр бар болчу”, - деп билдиришти ишканадан. Азыр чыгымдын баары эсептелип, укук коргоо органдарына таш ыргыткандарды таап берүү үчүн маалымат берилди. Кыргызстан тоок жумурткасынын экспортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, республика Казакстанга 3 миллион 283 миң даана жумуртка жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге көп. Былтыр бул убакыт аралыгында 409 миң даана жумуртка экспорттолгон.Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Аталган рейтинг 17–20-июль күндөрү Венгрияда өткөн эл аралык турнирден кийин жаңыртылган. Турнирде ал 76 килограммга чейинки салмак даражасында күч сынашып, коло медалга ээ болгон. Турнирдин жыйынтыгында Айпери Медет кызы 5200 рейтингдик упай алып, мурда биринчи сапта турган жапониялык спортчу Юка Кагамини артта калтырды. Израиль Газа секторундагы жашоо шартты адам чыдагыс абалга алып келүү менен анклавды бошотууну пландоодо. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Израиль бийлиги ушул тапта бир катар өлкөлөрдөн палестиналык качкындарды кабыл алууну талап кылууда. "Биз Израилдин геноцид саясатын көрүп жатабыз. Бир тарабынан алар Газа секторундагы инфраструктураны жок кылып, ачарчылык жаратууда, мунун кесепетинен адамдар каза болуп жатат. Дагы башка тарабынан израилдик чалгын кызматкерлери башка өлкөлөргө барып, айрым мамлекеттерди палестиналык качкындарды кабыл алууга көндүрүүгө аракет жасашууда. Тактап айтканда, Израиль анклавдагы жашоону татаалдаштырып, башка өлкөлөр качкындарды кабыл алабыз десе жашоочуларды ошол жакка чыгарып салууну көздөшүүдө. Ошентип Газа тилкеси палестиналыктардан бошойт. Израилде ушундай долбоор бар. Мындай нерсенин алдын алуу керек, биз тиешелүү өлкөлөр менен сүйлөшүп, эскертип жатабыз", – деген Фидан NTV телеканалына курган маегинде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095540711_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ea7756222debe649066e1f58f00635e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио